ШАХМАТ ЖАНА ЧАЙКАНА.

ОШТО УЛГАЙГАНДАР КАНТИП ЭС АЛЫШАТ?
"Төрүбүздүн көркү болуп, уул-кыз, неберелердин төрүндө сый-урматта жүрүңүз!" Бизде каарылык доорду кандай элестетишерин ушул тилектен байкасак болот. Бирок улгайган кезде ата, апаларда бош убакыт да көп болот. Алар эс алып же ар күнүн кызыктуу өткөрүүгө Ошто кандай шарттар бар? Калаадагы улгайган адамдар бош убактысын кантип өткөрөт?
Аталарды достоштурган ачык асман алдындагы шахмат клубу


Бул Ош шаарындагы Навои эс алуу жайы. Бактын кире беришендеги шахмат үстөлдөрдөрүндө бет-маңдай тизилип отурган кишилерге шаардыктар көнүп бүткөн. Акыл гимнастикасы менен алектенгендердин көбү пенсия курагындагылар. Шахмат шылтоо гана болбосо, аталар өз ара баарлашып, эс алышат. Ушул жакта түштөнүшүп, күн кечтегенде гана үйгө кайтмай.
Шергул ата шахматтык клубга 17 жылдан бери каттайт


Шергул Ташиев шаарга жакын айылдардын биринде жашайт. Бир кем сексенге чыкты. Эрте менен келини үй жумуштарын бүтүрүп алганча неберелерин каралашат. Саат 10 болгондо жумушка жөнөгөндөй, Навои паркына жол алат. Бул жакта аны кызыктуу шахмат беттештери гана эмес, өткөндү чогуу эстешчү жолдоштору да күтөт.


"Аксакалдар кетмен чаба албасак... Ушул жерге келип, кичине эс алып, өткөн-кеткенди сүйлөшөбүз. Өткөндү сагынабыз да... Анан азыр уюлдук телефон деген жакшы чыкты. Бири-бирибиз менен байланышып, ал-акыбал сурашып турабыз".
Шарипбай Турупбаев: шахматчы достор кез-кезде паалоо бастырып, чайканада отурабыз

"Эч бирибиз шахматты укмуш ойной албайбыз", - дейт Шарипбай Турупбаев. Акыл оюнунун бул түрү алар үчүн эс алуу деген түшүнүккө байланат.

"Шарттар жакшы, досторубуз менен келебиз. Аш бастырып, чер жазыша сүйлөшүп отурабыз", - дейт ал.

Бирок бир эле шахмат шахмат аксакалдардын эс алуусун толук канаатандырбайт. Алар улгайгандарга тынчыраак жайлар уюштурулса деген ойлорун билдиришти. Жаштар менен бир эс алуу багында жүрүү кээде ыңгайсыздык алып келерин белгилешет.

"Пенсионерлердин басымдуу бөлүгү Навои эс алуу багына келишет да. Бирок бул жерде адам көп. Ызы-чууну каалабаган учурларың болот. Барганга башка ылайыктуу жер жок. Акыркы кезде бул жакта бак-дарактарды көп кырка башташты. Күндүн ысыгына какталып олтурасың",-дейт Шергул Ташиев.
Башында шахмат ойноого шарт жок эле. Пенсионерлер оюн такталарын өздөрү көтөрүп келер эле. Азыр эми акыл таймашын өткөрүп, баарлашып отурууга мүмкүнчүлүктөр бар. Ошого жараша келгендер 50 сомдон тейлөөгө төлөшү керек. Аталар мунусуна кайыл. Оюндар кызыктуу өтүш үчүн ортого акча коюшат, бирок сумманы ачыктоодон баш тартышты.

"Жайында го чогула беребиз. Бирок кышында мында келе албайбыз. А эс алуу үчүн башка барар жерибиз жок. Айла жокто 5-6дан топтолуп , автобус-троллейбустарга чыгып алып, шаар айланабыз. Ош шаардык мэриясы имарат ажыратып, шахмат клуб ачып койсо болмок. Улгайгандар эле эмес, жаштар да шахмат ойной бермек", - деп оюн арасында ой бөлүшүштү пенсионерлер.

Аталар чайлашкан чайкана
Ошто аксакалдар чогулчу дагы бир жай бар. Ал борбордук базардагы чайкана. Ак-Буура жээгиндеги ашкана коомчулукка "лөлү чайканасы" деген ат менен белгилүү. Негизи совет доорунда бул жай №1 чайкана деп аталчу экен. Мындагы кардарлардын көбү лөлү тектүүлөр болгон үчүн эл чайкананы ошентип атап койгон. Азыр деле ашканага көбүнчө лөлүлөр баш багат. Бирок аларга караганда карыялар көп кирет.

Чайканадагы ашпоздордун айтымында, келген аталардын көбү 70-80 жаштагылар. Алар адатта самса менен көк чайга буюртма беришет.

"Бири-бирибизди лөлү чайканасына кел деп чакырабыз. Дарегин жазбай билебиз. Ашкананын бир каанасын аксакалдар өзүбүз эле ээлеп алганбыз. Бири кетсе, экинчиси келет. Көбүнчө самса жеп же суюк тамактарды ичебиз. Анан бир тамак буюртма берсек, эки эсе көп көк чай ичип олтура беребиз. Карыганда бири-бирибизге эрмек болуп, сырдашабыз. Эми биз менен жаштар кечке олтуруп сүйлөшпөйт да",- деди чайканага он жылдан бери келген аталардын бири Максут Төрөбаев.




Неберелер менен өткөн түйшүктүү эс алуу
Көпчүлүк аялдардын түйшүгү карылыкта деле азайбайт. Миграция агымы менен чет жерге акча тапканы кеткен жубайлар балдарын чоң эне, таенелерине таштап кетишет. Ошентип, байбичелердин көбү бала багуучуга айланган. Албетте, небере ширин, бирок түйшүгү да ошончо. Балдардын тамагын белендеп, кирин жууп, бала бакча-мектепке ташыган энелер өзүнө убакыт ажырата албайт.





Санамкан Досумбетова 70 жашта. Азыр алты небересин карайт. Уул-келиндери Орусияда иштеген үчүн бүт түйшүк өз мойнунда. Балдары үй-жайлуу болгончо неберелерине каралашпаса болбойт.


"Кээде тынч олтуруп эс алгың келет. Теңтушуңа барып, сырдашып сүйлөшүүнү каалайсың. Бирок балдарды караган эч ким жок. Чарчаткан, кайра эс алдырган да неберелерим. Ар бир кылыгы кубаныч тартуулайт. Бирок алар үчүн да, мен үчүн да ата-энелери жанында болгону жакшы. Ушуну чоң үмүт менен күткөн энелер Кыгызстанда жүздөп саналса керек",- дейт ал.
Ошентсе да пенсиядагы апалардын өз эс алуу ыкмалары бар. Алар той-мааракелерде, өзгөчө куда тараптан барса, эң сыйлуу конокко айланышат.

"Дүйүм тамак, кийит, анан ыр кесе укмуш эле эс алдырат", - деп жылмаят жетимиштин кырын ашкан Кадыча апа.



Аялдар тойдо (Азаттыктын сүрөтү)
Анан азыр "черная касса" ойногон энелердин саны арбын. Калдархан Байназарова 8 жылдан бери үч топто ушундай акча жыймайларга катышып келет. Байбичелер пенсиясынан 1000 сомду ай сайын кезектешип бири-бирине топтоп беришет. Ал күнү чайканада аш демдетип же үйдө эле дасторкон үстүндө маектешип чер жазышат.

"Үч топ менен акча чогултуп, отуруш кечесин өткөрөбүз. Баарынын акчасы бир чогулса 25 миң сомдон жогору болот. Акчаны турмушка чыккан кыздарыма, үйдөгү тиричиликке, тойго кошмойлорго жумшайм",- деди Байназарова.


Эс алууну эңсегендер
Балдарынын төрүндө сый көрчү убакта күнүмдүк турмуштун муктаждыктары тыным бербеген ата-энелер дагы бар. Бирок алар оор, кара жумушта эмес, соода менен алектенишет. Айрымдары муну такай жанын кыйнап, жумуш жасоо эмес, жөн гана балдарына көмөктөшүү катары баалашат. Алардын бири - алтымышка жакындаган Айша Саматова. Ал туугандарына, балдарына барбаган күндөрү гана базарда соода кыларын айтты.
Ош шаарында өңчөй пенсионерлер соода кылчу жай бар. Алар, албетте, Кыргызстан эле эмес, чет өлкөлөрдөгү кары-картаңдар сыяктуу эле эски буюмдарды сатуу менен алек. Идиш-аяктар, күнүмдүк турмушка керектелүүчү буюмдар жана эски китептер бар.
"Алган пенсиям 3200 сом. Ал эмнеге жетсин! Бул акчага кайсы бир чиновник бир жолу жакшы түштөнсө керек... Жетишпеген үчүн ушинтип соода кылып жүрөбүз. Болбосо биз деле эс алууну каалайбыз. Карыган сайын ден соолук начарлайт экен, көп дары керек", - дейт атын айткысы келбеген карыя.

Кыргызстанда канча жаштан пенсияга чыгышат?


Ош шаарында 22 миңден ашык пенсионер бар. Орточо пенсия 4 500 сомдун тегерегинде. Азыркы учурда балдарынын саны 5ке чейинки аялдар 58 жаштан, 5 жана андан көп балалуулар 53 жаштан пенсияга чыгышат. Эркектерден 40 жыл эмгек тажрыйбасы барлар 60 жаштан, андан аз эмгектенгендер 63 жаштан пенсияга чыгышат.


Пенсионерлерге кандай медициналык жеңилдиктер бар?
Ооруканаларда 70 жаштан жогорку пенсионерлерге стационардык дарылануу акысыз. Терапия бөлүмүнө жатып дарыланса 330 сом, хирургияга 430 сомдон төлөшөт.

Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда пенсионер каттоодо турган болсо кан тапшыруу, заара, кант диабетине анализ тапшыруу акысыз болот.

70 жаштан ашкан пенсионерлерге стамотология кызматтары акысыз.

Пенсионерлер көп жабыркаган оорулар
Дарыгерлердин белгилешинче Ош облусундагы пенсионерлердин көбү кант диабети жана кан басымдын жогорулашы менен жабыркашат. Кийинки орунда кол, бут оорулары менен жүрөк дартына кабылгандар көп. Бул илдеттерге бир чалдыккандан кийин ар алты айда дарыланып туруу керек. Башкача айтканда, өнөкөт ооруга айланып калат. Пенсионерлерди кыйнаган оорунун катарына ревматизм да кирет. Улгайгандар колу, бутунун сөөктөрү кыйшайып, дарттын айынан ооруканага кайрылып турууга аргасыз болушат.
Кыргызстандагы алты жүз миңге чукул пенсионерге жыл сайын 30 млрд сом пенсия төлөнөт. Пенсиянын базалык бөлүгү негизинен мамлекеттик бюджеттен каржыланат. Берилип жаткан пенсияннын 80 пайызын республикалык бюджет, калган 20 пайызын чегерилген акчанын эсебинен пенсиялык фонд каржылайт.
Бул материал "Сорос-Кыргызстан" фондунун колдоосунда ишке ашып жаткан "Ынтымакта" мультимедиалык редакция түзүү" долбоорунун алкагында даярдалды.
Даярдагандар:
Алтынай Балтабаева
журналист
Алишер Исамов
сүрөтчү
Мырзайым Жаныбек кызы
редактор
Made on
Tilda