Таза суу чыкпаган Алмалык айылында жашоо кандай өтөт?
Жыйырма жыл... Таза суунун келишинен түңүлгөн эл
Ош шаарына караган Алмалык айылында таза суу жок. Бул көйгөй 20 жылдан бери айылдыктарды тажатып бүткөндөй. Анткени тургундар ичүүчү суу тууралуу сүйлөгүлөрү да келбей калган. Биздин кабарчылардын айылган келген себебин угаар замат тургундардын маанайы чөгө түшту. "Суу жок, биз көйгөйдү көтөрө берип тажап бүттүк. Тынч эле суу ташып ичип, жашообузду уланта бергенибиз оң. Жергиликтүү бийликтин "маселе жакында чечилет" деген жообуна ишеним да калбады", - дешет алмалыктыктар.
Алмалыктыктар суу ташып келүүнү күнүмдүк жумуш катары эсептешет. Жумасына эки-үч жолу Ош шаарынан же Ноокат районунан суу ташып келишет. Унаасы барларга көйгөй жаралбайт. А унаасы жоктор үчүн айылда атайын суу ташып келүүчүлөр да бар. Алар тургундар менен кызмат акысын өз ара сүйлөшүп алышкан.

Баса, бул айылдагылар таза сууну үнөмдөөнүн жолдорун эң жакшы өздөштүрүшкөн. Эрежелериди үйдүн кичинекей балдары да билет. Алар кол жууганда да, суусун жерге төкпөйт. Ал тургай идиш-аяк жуугандан кийинки сууну бак-дарак менен мал-жандыкка берүүнү салт катары көрүшөт.



Жаачы жамгыр, жаачы жамгыр...
Кышкысын айылда жай саратанына караганда таза сууга болгон муктаждык бир аз азая түшөт. Анткени чатырлардан түшкөн кар-жаандын суусун мал-жандыкты суугарууга колдонушат. Биз менен маектешип отурган тургундардын бири Бермет Юлдашева да жамгыр жаап баштаганда, сөзүн токтото коюп, түтүктөрдөн түшүп жаткан сууга чака коюуга шашты.
Мурда сууну сыртта эле чоң көлөмдөгү идиштерде сактайт элек. Кийинчерээк көпкө сакталып турган суу айный баштаганын байкадык. Абалды жөнгө салуу үчүн чуңкурларды казып, сууну жер асытанда сактоого өттүк. Суу салкын жерде тургандыктан, сапатын аз да болсо жоготпой турат.
алмалыктыктар


Бир үй бүлө жумасына бир тоннага жакын суу керектейт
Бирок бул дагы толук жетпей калган учурлар болот. Анткени сууга болгон муктаждык көп.

Сууга болгон күнүмдүк талап:

- тамак-аш

- жуунуп-тарануу

- идиш-аяк жуу

- үй тазалоо

- кир жуу

- бак-даракты сугаруу

-мал-жандыкты суугаруу

Он күндөн ашуун турган сууда майда курттар пайда боло баштайт

Айылдыктар сууну сактоонун жолдорун табышканы менен дагы бир көйгөй бар. Эгерде идиштеги суу он күндөн ашык турса, анда майда курттар пайда боло баштайт. Алар муну билип турганы менен кээде жаңыдан суу алып келүүгө мүмкүнчүлүк жок болуп калганда колдонууга аргасыз болушат. "Жугуштуу дарттарга чалдыгып калабыз деп чочулайбыз. Бирок ичпегенге айлабыз жок да",- деп кол куушурушат тургундар.


Айылда ич өткөк менен сарык оорулары көп


Суунун көп сакталып турганынан жугуштуу оорулар катталган учурлар да болот. Көбүнчө балдар жугуштуу ооруларга чалдыгышат. Өзгөчө жаз жана жай айларында ич өткөк менен сарык оорусу балдарда көп кездешет. 2016-жылы Алмалыкта сарык оорусу менен 25 адам катталып, дарыгерлер дарттын чыгышына таза эмес суу себепчи болгонун аныкташкан.



Адалат Кудаярова
дарыгер
Суунун жоктугу мектеп жамаатын да түйшөлтөт


Айылда бир мектеп иштейт. Суунун жоктугу мектеп жамаатын да түйшөлтөт. Мектепти жууп-тазалоо, окуучулардын доска беттерин арчууда да сууну үнөмдөө башкы орунда турат. Алар чакага суу толтуруп коюшуп, ага кезек кезек менен доска арчыган кездемени жууп турушат. Суу тартышты санитардык эрежелерди так сактоого жол бербейт.

Суу маселеси ФАПтагы дарыгерлерди да кыйнайт


Айылда социалдык обьектилердин бири катары ФАП каралган. Анда эки кызматкер эмгектенет. Суу жоктугунан алар колдонгон буюмдарын жууп тазалоо үчүн үйлөрүнөн суу алып келүүгө муктаж болушат.
Тургундар суунун жоктугунан такыр эгин эгишпейт


Дыйканчылык кылууга жер болгон менен алмалыктыктар эгин эгишпейт. Анткени ар бир түшүмгө суу ташып келүү оор түйшүктү талап кылат. Айылда мурунтан эгилип калган бирин-серин бак-дарактар бар. Аларды болсо идиш-аяк жуугандан кийинки суу менен суугарышат.
Таза суу тартууга 40 млн сом бөлүнөт
Алмалыктагы таза суу маселесин чечүү үчүн 40 млн сом бөлүнөрү күтүлүп жатат. Бул мамлекеттик программага киргизилген. Ош шаардык мэриясынын шаар куруу жана муниципалдык бөлүмүнүн башчысы Мирлан Исраиловдун маалыматында, каражат бөлүнгөнгө чейин айылдагы эски скважина текшерүүдөн өтөт. Эгерде анын техникалык абалы жакшы болсо, кайра эле ошол жерден суу чыгарылып баштайт. Бул боюнча жергиликтүү бийлик долбоор даярдап, маселени карап жатат.
Алмалык айылы Ош шаарынын түштүк-батыш тарабында калаадан 25 чакырым аралыкта жашгашкан. Жалпы 126 кожолук жашайт. Айылда союз маалында таза суу болгон. Ал убакта көмүр шахтасы иштеп, скважина менен суу чыгарылып турган. Алмалыктын эли шаарга, жери административдик жактан Ноокат районуна карагандыктан, таза суу сыяктуу инфраструктуралык, социалдык маселелердин чечилишине тоскоолдуктар бар. Айыл 1960-жылдары түптөлгөн.
Даярдагандар:
Журналист: Алтынай Балтабаева
Сүрөт, видеолорду тарткан: Алишер Исамов
Made on
Tilda