Атасынын ханбийкелери
25-апрель - Кыздардын күнү (День дочерей). Адатта дүйнө өлкөлөрүндө бул күнү үй-бүлөлүк баалуулуктарды, кыздарга болгон сүйүүнү дагы бир жолу даңазалашат. Биз болсо аталар менен ханбийкелери тууралуу сүйлөштүк. Алар катардагы аталардан айырмаланат - үч же андан ашык, мисалы, он кызды тарбиялап келишет. Арасында бирден уул көргөндөр бар. Бул аталарды кыздарынын көптүгү гана эмес, баланы уул же кыз деп бөлбөгөн сезимдери бириктирип турат.

P.S. Салыштыруу үчүн көп кыз төрөгөн энелерди да кепке тарттык. Алар, тескерисинче, аталарга караганда ичтен сыздап тургандай...
Сабыр Абдымомунов – үч кыздын атасы. Тун кызы Ситора колледжде окуйт. Ортончусу Ассоль – мектеп окуучусу. Кенжетай Ширини үч жашта. Ата ар бир кызынын бири-бирине окшобогон кулк-мүнөзү, кыял-жоругу бар экенин айтат. Ал үчүн баланы уул же кыз деп бөлүү жат, коомдогу бул көрүнүш аны тынчсыздандырат.
"Балалуу болуу - бакыт. Үчүнчү кызым төрөлгөндө аябай сүйүндүм. Балалуу болгондо ким сүйүнбөсүн?! Биздин үй-бүлө кыз төрөлгөнчө же уул төрөлгөнчө балалуу боло беребиз дегендердин катарына кирбейт. Андай максатыбыз жок. Кызбы, уулбу, кыскасы, баланын санына, жынысына карабайбыз, болгону үй-бүлөнү пландаштыруу эске алынат".

Сабыр Абдумомунов
үч кыздын атасы
Саит Камалов – он кыздын атасы. Аялы Дамира Алиева экөө жалпы 13 балалуу болушкан, бир кызын туугандары расмий өзүнө өткөрүп багып алса, эки уулу чарчап калган экен. Жубайлар он кыздын үчөөсүн турмушка узатып, азыр беш неберенин бактылуу таята-таенеси.

Жубайлар Алай районунун Жошолу айылында жашайт. 20 жашында үйлөнүп, ар эки жылда бирден кыздуу болду. Махабат, Назгүл, Жаңылай, Уулайым, Мейликан, Жазгүл, Айкөкүл, Бурмакан, Раяна жана Сумая. Байкаганыңыздай, кыздардын үчөөсүнүн ысымы Уулайым, Жаңылай, Бурмакан деп, эми кийинкиси уул болсун деп Саит акенин кесиптештери, жакын-санаалаштары ырымдашкан экен. А бирок ата эч бир кызы төрөлгөндө уул болбоду деп улутунган эмесмин дейт.

Аялым улам кыз төрөлгөндө ыйлап калат. Тескерисинче мен ага колдоо көрсөтүп, көңүлүн көтөрөм. Уул болбоду деп келинчегимди мен же маркум ата-энем капа кылып, катуу сөз айтпады. Он десе, көбү таң калат. Бирок биз үчүн үй-бүлөбүз кичинедей эле сезилет, өзгөчө үч кызым турмушка чыгып кеткенде үйүбүз ээнсиреди. Азыр өз кыздарыма кошуп, небере кыздарымды карайбыз.

Саит Камалов
он кыздын атасы
Он кыздын атасы жараткан берсе, дагы балалуу болуудан качпай турганын кошумчалады. Аялы – баатыр эне Дамиранын саламаттыгы жакшы дейт. "Тоонун тунук суусун ичип чоңойгон кыз. Азыр да ат чаап, улак тартышка түшөт", -деп тамашалады Саит мырза.
Төрт кыз жана бир уулду тарбиялап келе жаткан Данияр Садиев көп кыздын атасы болуу өзгөчө жагымдуу экенин белгилейт. Бири боорукер болсо, экинчиси үй жумуштарына жакын.

"Жумуштан чарчап барсаң бири эркелеп, экинчиси чайыны даярдап турса, бул жагымдуу көрүнүш да. Ар бир кызындын өзүнчө кыял-жоругу жана орду бар. Аларды мүнөзүнө карап эркелетем. Өздөрүнүн мектептеги, бала бакчадагы окуяларын айтып берип кубандырышат",-дейт төрт кыздын атасы Садиев.
Рамазан айында төрөлгөн төрт кыз
Зыйнат Турдубекова жакында эле төртүнчү кызын төрөдү. Ал түйүлдүк 3 ай болгондо эле болочок ымыркай кыз экенин билген. Зинат өзү төрт уулдун арасында жалгыз кыз болуп чоңойгондуктан, башында катар кыздуу болгону көп деле билинген эмес. Жубайлар төртүнчүсүнүн уул болушун абдан каалашкан. Ошондуктан УЗИнин жыйынтыгына карабай, уул төрөйм деген маанайда жүргөнүн айтат.
.
"Дарыгер кыз төрөйсүң дегенде аябай чычалап, аны жаман көргөм. Эже кайра жакшылап карап бериңизчи деп дагы сурандым. Жолдошума айтсам "макул, жараткандын бергени да" деп койду. Бирок ал деле уулдуу болгусу келет да. Бардык кызымы Орозо күнү төрөйм негедир. Толготуп төрөт үйүнө кетип жатканыбызда жолдошум "Орозо күнү төрөп атасың, акыл-эстүү кыз болот буйруса"десе, кыз эмес, уул төрөйм деп кеткем. Бирок төртүнчүсү да кыз төрөлүп калды... Жолдошум кыз төрөлсө да, уул төрөлсө да ыйлайм деген. Төрөт менен болуп анын көз жашын байкай албадым...
Зыйнат Турдубекова
төрт кыздын апасы
Онунчу "аракет" оңунан чыгып...
Дагы бир каарманыбыз - он баланын апасы Айымкыз эже болду. Ал көп балалуу болууну кыялданчу эмес. Студент кезинде бир уул, бир кыздуу болсом деген тилеги катарынан кыз төрөгөнүнө байланыштуу аны баатыр энеге айлантат. Жолдошу менен кайнене-кайнатасынын "бирөөнү болсо да уул төрөшүң керек" деген сөзүнөн 9 кыздуу болгон.
"Жолдошум мени кыз төрөдүң деп капа деле кылчу эмес. Көп балалуу болсом, кайсы бири кандай болот, кантип тарбия берип жатам деп тынчсызданчумун. Бирок, кудайга шүгүр... Ар бири өз ордун тапты, баары жогорку билимдүү".

Айымкыз Шерипбаева
тогуз кыз, бир уулдун энеси
Акыркы сөз ордуна :)
Уул эмес, кызды да зарыга күткөн ата-энелер бар. Айдын Токтосунов - төрт уулдун атасы. Алардын үй-бүлөсүндө балага үйрүлө түшүп эркелетүү жок, уулдарга "эркекче" мамиле калыптанган. Темирдей тартипти ээритип, бүт үйгө назиктикти алып келе турган кызды күтүп жүрүшөт.
Made on
Tilda