Нооруз - көктөм майрамы
Жазгы жаңылануунун, аруулуктун майрамы аталган Ноорузду Орто Азиядагы түрк тилдүү элдер 21-марта белгилешет. Кыргызчада "жаңы күн", "жаңы жылдын башы" деген маанини түшүндүрөт. Бул күнү жакшы тилектер айтылып, айлана көрккө бөлөнөт. Жаш-карынын баары чогулуп, сүмөлөк кайнатышып, улуттук оюн-зоокторду ойношот.
Дүйнө жүзү боюнча Ноорузду 300 млн адам белгилейт. Кыргызстан, Казакстан, Пакистан, Өзбекстан, Түркия, Түркмөнстан, Тажикстан, Татарстан, Башкортостан, Синьцзянь-Уйгур районунда салтанаттуу майрамдалат. Мындан сырткары Жакынкы Чыгыш, Балкан мамлекеттери, АКШ менен Канада баштаган ар кайсы өлкөлөрдөгү этникалык топтор көктөм майрамын тосушат.
Кыргызстан
Майрам Кыргызстанда Нооруз деп аталып, бир күн дем алышат. Майрамды жаңылануунун күнү деп белгилешкендиктен, кызыл, көк жана ак түстүү кийимдерди кийишет. Ак элечек кийген энелер алас айтышып, аруулук менен молчулукту даңазалашат. Кыштан аман чыкканын белгилешип, жаны жылда аманчылык, токчулукту тилек кылышат.
Казакстан
Коңшулаш Казакстанда болсо майрам Наурыз деген аталышка ээ. Алар бул күнү Наурыз-коже тамагын жасашат. Ага эт май жана сүттүү азыктар кошулат. Казакстандыктар майрамды үч күн белгилешет. Алар салтанаттуу кечеде ак түстүү кийимдерге басым басашат. Жыйырма биринчи марттын таңында башталган майрам 23-марттын кечинде бүтөт.
Тажикстанда бир дасторконго жети башка тамактын түрүн коюшат. Алардын бардыгы "с" деген тыбыштан башталган сөздөрдөн куралышы шарт. Алар "суманак" (бул – кыргызчада сүмөлөк), анан "сипан", "сирке" (бул - уксус), "семени" дегенди дасторконго коëт. Анан "сабзи" (биз "сабиз" деп бир эле сабизди атасак, фарсы тилинде жалпы эле жашылчаны "сабзи" деп коюшат). Мына ушундай "с" тамгасынан башталган жети азык-түлүктү дасторконго коюшат.

Ирандагы Нооруз
Нооруз майрамы Азербайжанда
майрам Тажикстанда
Нооруздун тарыхы:
Окуумуштуулар Нооруз майрамынын 3 200 жылдык тарыхы бар экенин белгилешет. 32 кылымдан бери ар улуттун башын бириктирген бул майрамды тосууда ошол жылдары эле өзгөчө даярдык көрүшкөн. Тарых илимдеринин кандидаты, этнограф Абдумиталип Мурзакметов майрамды илимпоздор бүгүнкү күнгө чейин изилдеп келе жатканына токтолду. Ошондой эле баштапкы учур менен азыркы кездеги Ноорузду тосуунун өзгөчөлүктөрүн белгиледи.
Алас, алас, алас
Ноорузда өзгөчөлүктөрдүн бири катары алас айтуу да калыптанып калган. Ак элечек кийген эне чогулгандарды тегерете айланып, алас айтат. Муну менен тынчтык, аманчылык жана молчулукту чакырышат.
Кыргызда эски жыл аяктап, эртен жаңы жыл деген күнү өткөрүлүүчү ырым-жырым салты "жыл ажыраш" деп аталган. Бул учурда арча, чекенди, адырашман түтөтүп үй ичин, мал-жалды аластап чыгат.

Алас, алас,
Ар балээден калас,
Эски жыл кетти,
Жаңы жыл келди.
Алас, алас,
Айдан аман,
Жылдан эсен,
Жакшылыкты теңир берди,
Жарык күндү кеңири берди.
Орообуз данга толсун,
Оозубуз нанга толсун!
Алас, алас - деп аласташкан.



Ар дастаркон түрлөнөт,
Аштын куту сүмөлөк.
Жашыл майса жараткан,
Жаздын куту сүмөлөк.
Нооруздун символдору:

Нооруз майрамын белгилөөдө бир катар символдору бар. Алсак, арча түтөтүү, алас айтуу бир катар улуттук оюндар жана мелдештер менен коштолот. Алардын негизгилеринин бири катары сүмөлөк кайнатуу эсептелинет. Бул азыкты даярдоого күн мурунтан даярданышат.
Сүмөлөк боюнча айтылган уламыштар
"Өткөн заманда, жаркыраган жаздын алгачкы айында калкты ачарчылык каптайт. Эл ичинде өлүм-житим көп болот. Элдин айласы куруп, самандай сапырылат. Эл тентийт. Тамак сурап чыркыраган балдардын үндөрү басылбайт. Энелеринин айлалары кетип, аргалары түгөнөт. Мындай учурда адамдан амал качып кутулбайт тура. Мээрман энелер бир ойго келишип, ар кимиси колдорунда болгон тамак-аштарын ортого чыгарышат. Бирөөсү бир чымчым унун, экинчиси бир кашык майын, үчүнчүсү бир ууч талканын, дагы бирөөлөрү үч-төрт өрүктүн кагын ж.б чогултушат. Мына ошентип көп түкүрсө көл болот дегендей көпчүлүктөн жыйналган тамак-аш чоң казандын жарымынан болот. Ага толтура суу куюлуп, от жагылат. Ал кайнайын деп калганда, чиедей 9 баласын ээрчитип жесир аял келет. Ал от жагып отурган аялдарга көзүнүн жашын көлдөтүп "Айланайын журтум, казаныңарга кошор эч нерсем жок, мына бул тогуз тоголок таштан башка эч нерсе таппадым, жок дегенде алар тогуз балама ырыскы болуп кошо бышсын", — деп жүз аарчысына ороп келген таштарын таза жууп, "Жараткан Алла таалам калайык калкыма токчулук менен бейпилчиликти алып келсин" — деп казанга салат. Казан боркулдап кайнай баштайт. Ак элечектүү энелер, байбичелер казанды аралаштырган сайын: "Айланайын кудай, ушул көктөм элибизге токчулук менен бак-таалайды алып келсин, журтубуз ачкачылыктан кыйналып кетти, мол түшүмдүн, берекенин, ден соолуктун жылы болсун" дешип тилек кылышат. Табы менен от жагып, казан бүлкүлдөп кайнай берет. Курсактары ачып, чаалыккан балдарынын алды кыңылдап ыйлап жатып уйкуга кетет. Казан таң аппак атып калганча кайнайт. Ага салынган ар түркүн нерселердин буруксуган жыты каңылжарды жарат. Тамак эң бир таттуу, жегиликтүү, токчулук даамданып бышат. Ал жакшылап демделип, суугандан кийин идиштерге салынат. Аны жаш-кары дебей сөөмөйлөрү менен илип жешет. Сүмөлөк бир айга жетип, калк ачарчылыктан аман калат.

Мындай ширелүү, күлазыктуу, касиеттүү тамакты эл Сүмөлөк деп аташат. Ошол жылы элдин тилеги кабыл болуп, жаз токчулукту алып келет. Эгин укмуштуудай чыгып, мол түшүм алынат. Калк токчулукка белчесинен батат. Ошол күндөн ушул күнгө чейин ата-бабаларыбызды ачарчылыктын апаатынан аман сактап калган касиеттүү Сүмөлөк — ыйык тамак катары бааланып калат. Кийин ал бара-бара жылды тосуудагы салттуу тамакка айланат.


Сүмөлөктүн ден-соолукка пайдасы:
Сүмөлөктү жөн гана азык катары эсептелпестен анын ден соолукка пайдалуу экенин да белгилешет. Өндүрүлгөн данда калий, калций, кремний, хром, селен, темир, йод жана B, E, C, D, P витаминдери бар.
Сүмөлөктө ички органдардын нормалдуу иштеши үчүн зарыл болгон заттар бар. Мындан улам организимди витаминдер менен камсыздайт. Стресс менен күрөшүүгө жардам берет.

Кан жүгүртүүнү калыбына келтирет. Бул организмдин ар кандай жугуштуу ооруларга каршы турушуна жардам берет. Ичегилердин иштешин жакшыртат жана тамак сиңирүүгө жардамдашат.

Боордун иштешин жакшыртат. Ал денедеги зыяндуу бактериялардын өсүшүн жана өнүгүшүн алдын алат. Сүмөлөктүн таттуулугу боюнча зыяны жок экени айтылат. Бирок көп сүмөлөк жесеңиз аллергия чыгарып жибериши мүмкүн.
2009-жылы Нооруз ЮНЕСКОНУН тизмесине киргизилген.Майрамды эл аралык уюмга Кыргызстан, Өзбекстан, Азербайжан, Казакстан, Иран, Индия, Ооганстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Туркия, Ирак жана Пакистан сунуштаган. Ноорузду бул мамлекеттер достукту бекемдеп, аруулукту, жаңыланууну жана молчулукту чакырган майрам катары белгилеп келишет.
Материалды даярдоодо маалымат, сүрөт, жана видеолор "azattyk.org", "bbc.com.kyrgyz" жана "sputnik.kg", ошондой эле ачык булактардан пайдаланылды.



Даярдагандар:
Автор: Алтынай Балтабаева
Дизайнер: Адылжан Абидов
Редактор: Мырзайым Жаныбек кызы

Made on
Tilda