O2 же СО2 ?
Ош шаарында абанын абалы кандай?
Ош - өндүрүш өнүкпөгөн шаар, саналуу гана заводдор, цехтер иштейт. Түштүк борбордун көчөлөрүндө күн сайын 120 миңдей автоунаа жүрөт. Алардын чыккан уулуу газ - калаанын абасын булгаган эң негизги булак. Кыргызгидрометтин маалыматында, Ошто атмосферанын булганышы жол берилген нормадан ашпайт. Бирок экологдор бул жаатта тынчсызданууга жагдайлар бар деп эсептешет. Бул кайсы жагдайлар жана Ош шаарынын жашоочулары кандай абадан дем алып жатышат? Ушул жана башка суроолорго Ынтымак Media Group жооп издеди.
Шаардын абасын эмнелер булгайт?
Өндүрүш ишканалары
Ошто өндүрүш ишканаларынын саны ондон ашпайт. Адатта алардын ишмердүүлүгү тууралуу шаардыктар кезектеги экологиялык жаңжалдан кийин билишет. Завод, цехтер абага миңдеген тонна чаң, химиялык кошулмалар, оор металлдарды чыгарат. Бул ыш, күкүрт, аммиак, көмүр кычкыл газы, формальдегид, азот диоксиди жана башка зыяндуу заттар. Көпчүлүк ишканалар тазалоо жабдыктары менен жабдылган эмес же жарыкты үнөмдөө үчүн ал жабдыктарды толук кандуу колдонушпайт.
Таштанды талаасы
Полигондогу таштандылар күйгөндө аба булганат. Андан чыккан түтүн атмосферага кошулуп, бир чакырымга чейин жака-белиндеги жандуунун баарын уулантат. Анын үстүнө түнкүсүн шамал Ош шаарын карай айдайт.
Май куюу жайлары
Ош шаарында 40тан ашык май куюу жайлары бар. Алардын чыккан уулуу зат жака-белинен жүз метрге чейин өтө коркунучтуу. А шаарда болсо айрым май куюу бекеттеринен үйлөрдүн аралыгы 10 метрге да жетпейт. Көп учурда АЗСтер аялдамаларга жакын жайгашып калган. Ракты чакырчу бензолдун деңгээли май куюу жайларында абдан жогору.
Автоунаалар
Ошто күн сайын жүргөн унаа агымы 120 миңге жетет. Алардан чыккан уулуу газдар негизинен адам боюна тең чендеги атмосфераны булгаганы үчүн өтө коркунучтуу деп эсептелинет. Адамдар ушундай аба менен дем алганга аргасыз. Адам суткасына 12 метр куб абаны керектесе, автоунаанын керектөөсү миң эсе жогору.


ЖЭБ (ТЭЦ) жана отканалар
Жылуулук электр борборунан сырткары Оштун ар бир кичирайонунда отканалар бар. Көбү кышкы жылытуу маалында (ноябрь-март) мазут жана көмүрдө иштейт. ЖЭБдер абага өндүрүш ишканаларындай эле уулуу заттарды бөлүп чыгарат.
Түшкөн жалбырактарды өрттө
Экологдор күзгү жалбырактардын түтүнүн биологиялык курал деп коюшат. Анда булгоочу заттардын концентрациясы жол берилген нормадан 200-300 эсе жогору. Жалбырак отунун жанында 1 саат отуруу шаардагы унаа жолунда 5 саат турганга барабар ден соолукка зыянын тийгизет. Күйүп жаткан жалбыракта адамда ракты пайда кылуучу бенхапирен заты чыгат, коргошун, сымап өңдүү оор металлдардын кошулмалары чыгат.
Булак: Ош шаарындагы Орхус борбору
Жапалактагы арматура чыгарчу цех
Жапалак - экологиялык жактан алганда Ош шаарындагы эң көйгөйлүү аймак. Калаанын борборунан 5 чакырым аралыкта жайгашкан айылдык башкармалыкта төрт кыш завод, арматура цехи жана таштанды талаасы жайгашкан. Жергиликтүү эл бир нече жылдан бери бул ишканаларды жана полигонду жаап салууну талап кылып келишет. Жапалактыктардын айтымында, таң эрте жана кечинде айылды кара түтүн каптайт, көптөрүндө аллергия, көз оорулары жана өнөкөт жөтөл пайда болду.
Бактыгүл Юсупова
Ош шаарынын тургуну
Айдын Хасанова
Ош шаарынын тургуну
Ош шаарындагы сегиз өндүрүш ишканаларынын баарысы тең (4 арматура цехи жана 4 кыш заводу) экологиялык талаптарды бузуу менен ишин баштаган. Ош шаардык экологиялык-техникалык инспекциясынын башкы инспектору Асан Мамыраимовдун айтымында, алардын кийлигишүүсү менен Жапалактагы үч кыш завод аба булганышын азайткан тазалоо тутумдарын жолго коюшту.
Төртүнчүсүнө карата каржы полициясы кылмыш ишин козгогон, азыр тергөө амалдары жүрүүдө. Манас-Ата аймактык кеңешиндеги (ХБК) кытйлардын арматура чыгарчу үч цехине 2015-жылы эле иш ачылган. Жыйынтыгында бирөөсү биротоло жабылып, берки экөө тазалоо системаларын жаңылашты. Жапалактагы "Хунда компани" темир ээритүүчү ишкананын ишин экотехинспекция 2016-жылы токтоткон. Ушундай катаал чаралардан кийин гана компания тазалоо тутумдарын жөндөдү.

Асан Мамыраимов
Ош шаардык
экотехинспекциясынын башкы инспектору
Жапалактагы арматура чыгарчу цех
Биро экотехинспекциясынын ушундай чараларынан кийин да Жапалактын тургундары заводдорду жабууну талап кылып келишет. Биричиден, дем алуу оңой болуп кеткен жок, экинчиден, ишканалардын жетекчилиги тазалоо жабдыктарын көрсөтүүдөн баш тартууда. Мунусу жашоочуларды күмөн ойго түртөт. Заводдор ал жабдыктарын журналисттерге да көрсөтүүдөн баш тартышты.

Анткен менен өндүрүш ишканаларын жаап салуу - абалдан алып чыкчу жол эмес, - деп эсептейт Оштогу Орхус борборунун башчысы Каныбек Исабаев. Эксперттин айтымында, заводдор экономикага керек, завод, цехтер заманбап жабдыктардын жардамында экологияга зыянын тийгизбей эле ишмердүүлүгүн уланта берсе болот.
Каныбек Исабаев, Оштогу Орхус борборунун башчысы
Эң көп тараган абаны булгоочу заттар - күкүрттүү газ (аны көмүр жана мазутта иштеген ЖЭБдер чыгарат), азот менен көмүр кычкыл газынын оксиддери, хлор, формальдегид, фенол, аммиак жана башкалар. Айрым учурда абага чыгарылган эки же андан ашык анча коркунучтуу эмес заттар биригип, күн нурунун таасири менен уулуу кошулмаларды пайда кылышат. Экологдордун эсебинде, атмосфераны булгаган 2 миңден ашык зат бар.
Ош шаарынын жылуулук электр борбору
Ош шаарынынжылуулук электр борбору азыр мазут жана газда иштеп жатат. Бул мекеменин администрациясы жана айлана-чөйрөнү коргоо башкармалыгынын өкүлдөрү ЖЭБдин абага таштаган чыгындылары көп өлчөмдө эмес дешет. Ал эми "Жылуулук менен камсыздоо" муниципалдык мекемесин атмосферага кооптуу заттарды таштаганы үчүн өткөн жылы 41 миң сомго айыпка жыгышкан. Бул мекеменин шаар боюнча 78 отканасы бар, анын 17си жылуулукту электр энергиясынан иштеп чыгат, калган 17си көмүрдө.

Ош шаардык мэриясынын шаардык чарба жана транспорт бөлүмүнүн башчысы Урали Романовдун айтымында, көпчүлүк отканалар жакында эле курулган жана аларда заманбап тазалоо жабдыктары орнотулган. Калган отканаларда болсо каржылык мүмкүнчүлүккө жараша фильтрлөө тутумдары жаңыланууда.

ТӨРТ ШААРДЫККА БИРДЕН УНАА
Ош шаарында 70 миң автотранспорт каражаттары катталган, мындан сырткары шаарга 30-40 миң унаа кирип-чыгат. Жыйынтыгында күн сайын калаа көчлөөрүндө 120 миңдей унаа жүрөт. Бул жагдай аба сапатына сөзсүз таасир этет.
Шаардагы транспортту жана айдоочулук курамды каттоо бөлүмүнүн башкы адиси Авазбек Быйтиевдин айтымында, Ошто унаалардан бөлүнгөн уулуу заттар башка, мисалы, Европадагы шаарларга караганда бир топ зыяндуу. 2006-2007-жылы чыгып, башка өлкөлөрдө 10 жыл кызмат өтөп, анан Кыргызстанга ташылып келген унаалар жаңы деп эсептелинет. Көбүнчө эски унаалар Европа, Япония, Түштүк Кореядан ташылат. Эскилиги жеткен, начар жүргөн транспорт каражаттары аба булганышына эң көп таасир этет.
Авазбек Быйтиев, Оштогу
"Совет доорунда мамлекеттик унааларды 7 жылда жарактан чыгарышчу, ал машинаны кайра сатууга катуу тыюу салынган эле. Унаа металлаломго кетчү. А бизде азыр жол кырсыктарынан кийин таптакыр жараксыз болуп калган унааларды гана утилизацияга тапшырышат. Буга кошо өлкөдө техкароону өз эрки менен кылып коюшту. Ушунун баары, албетте, экологияга, абага таасирин тийгизет", - дейт Быйтиев.
Автоунаалар абаны кантип булгайт?
Күйүүчү майдын тегиз күйбөшү
Аба булганышынын негизги себеби күйүүчү майдын тегиз күйбөшүндө. Майдын 15%ы гана унаанын кыймылдашына сарпталып, 85%ы "шамалга учат".
1=500
80-90 км/саат ылдамдык менен бара жаткан унаа орто эсеп менен 300-500 адамдын дем алышына жете турган кычкылтекти көмүр кычкыл газына айланат.
Уулуу заттардын шаарга жайылышы
Бир саатта чоң трассада 500 унаа өттү дейли. Алардын чыккан көмүр кычкыл газы жолдон 30-40 метр аралыкта үч эсе азайып, тарап кетет, бул нормадан ашпайт. Ал эми тар көчөлөрдө машиналардан чыккан заттын тарашы кыйын болуп калат. Жыйынтыгында шаардагы ар бир тургун булганган абанын таасиринен кача албайт.
Бир унаанын жылдык чыгындысы
Бул 800 кг көмүр кычкыл газы, 40 кг азот кычкылы жана 200 кг. дан ашык суутек менен кычкылтектин ар кандай кошулмалары.

Коргошун кошулмасы
Коргошун кошулмасы суу, аба жана тамак-аш менен адамдын организимине кирип, зыянын тийгизет. Организимге күндүзү кирген коргошундун 50%ы абага туура келет. Коргошунду негизинен абага унаалар чыгарат.
Унаа тыгындары
Ар бир жол чыракта жана тыгын болгон жерде унаадан чыккан уулуу заттардын көлөмү көбөйөт, анткени машина куру бекер туруп, анан кайра ылдамдыкка салганда, атмосферага уулуу газдар болушунча көп таштала баштайт.
Каныбек Исабаев, Оштогу Орхус борборунун башчысы
Айгүл Наватова, Ош шаардык көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинатынын башчысы
Ош шаардык мэриясы башка көйгөйлөр менен катар эле абанын булганышын азайтуу үчүн транспорттун экологиялык таза түрү - троллейбустардын санын көбөйтүүдө. Ушул жылдын май айында түштүк борбордун көчөлөрүнө Европа өнүктүрүү жана реконструкция банкынын насыясына алынган 23 троллейбус чыкты. Бирок бул жарым миллион киши жашаган шаар үчүн өтөт аз. Оштун троллейбус паркын мында да көбөйтүү үчүн азырынча каржы жок.

Урали Романов
Ош мэриясынын шаардык чарба жана транспорт бөлүмүнүн башчысы
Эгер сиз автоунаадан баш тартып, троллейбуста жүрө баштасаңыз, анда бир жылда:
  • көмүр кычкыл газы 1,5 тоннага;
  • азот кычкылы 0,5 тоннага;
  • күкүрт кычкылы 0,5 тоннага;
  • катуу майда бөлүкчүлөр 200 тоннага азаят.
Мындан сырткары жакында эле узундугу 2,6 чакырым веложол пайдаланууга берилди. Ал Ак-Буура дарыясын бойлой Токтогул багынан Навои багына чейин уланат. Албетте, бул жол шаарда велосипед менен ары-бери жүрүү үчүн жетишсиз. Бирок шарттын жоктугуна карабай, автоунаадан баш тартып, шайтан арабага отургандар жок эмес.

Велосипед - экологиялык жактан эң таза транспорт каражаты, ал күйүүчү майсыз жүрөт жана тээп бараткан адамдын ден соолугуна да пайдалуу. Дүйнөдө 1,4 миллиард велосипед болсо, автоунаалардын саны 400 миллион.
Нурлан Бөрүбаев




Нурлан Бөрүбаев 2 жыл мурун унаадан баш тартып, велосипед менен жүрө баштаган. Шайтан араба ал үчүн транспорт каражаты гана эмес, жашоо образы да.
Нурлан Бөрүбаев
Ош шаарынын тургуну
Кыргызстанда электромобиль менен гибриддик унааларга бажы төлөмдөрүн жоюу сунушталууда
Ал ортодо Айланы чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги электромобиль жана гибриддик унааларды бажы төлөмдөрүнөн бошотуу боюнча сунушун Өкмөткө берди. Муну менен мамагенттик атмосферадагы парник газынын көлөмүн азайтууну көздөөдө. Бул максатта алар төмөндөгүдөй чараларды сунушташты:

- коомдук транспорттун (троллейбустардын) өз убагында аялдамаларга келишин жөндөө;

- айдоочулар кесилиштерди негизинен жалыш жанганда өтүшү үчүн жол чырактарды жөндөө (унаалар кесилиштерде турганда уулуу заттар көбүрөөк бөлүнөт);

- электромобиль жана гибриддик унаалар үчүн бажы төлөмдөрүн алып таштоо.


Электромобиль
— бул ички күйүү кыймылдаткычы жок унаа. Ал электркыймылдаткыч менен жүрүп, бензин керектебейт.

Гибриддик унаада электр да, ички күйүү кыймылдаткычы да болот.

АБАДАГЫ ЧАҢ
Атмосферадагы чаңдын булагы ар кандай болушу мүмкүн: топурак, деңиз тузу, жанар тоо чыгындылары, өрт. Антропогендик булак катары өндүрүш менен транспорт эсептелет. Биз дем алган чаң жергиликтүү да, алыстан шамал менен келген болушу да мүмкүн.

Ошто атмосферадагы чаңдын концентрациясын көзөмөлдөшпөйт. Шаар Кыргызстанда эң таза деп айтылат. Жумушчулар таң атпай көчөлөрдө шыпырып, борбордук бөлүктү жууп чыгышат. Бирок бул чаң көйгөйүн толук чечпейт.

Шаардагы чаңдын негизги бөлүгү - автоунаа, бут кийим, кийимге жабышкан тоупрак бөлүктөрү. Ал дем алуу жолдоруна кирип, ар кандай ооруларды пайда кылат.
Бүтүндөй шаарга жалгыз станция
Ош шаарында аба сапатын көзөмөлдөөгө атайын жабдыктар жетишсиз
Ош шаарындагы атмосфераны көзөмөлдөө станциясы
Дүйнөдө атмосфераны көзөмөлдөө эбак автоматташтырылган, экологиялык өзгөрүүлөргө он-лайн режимде байкоо салса болот. Ошто болсо бүтүндөй бир шаарга жалгыз станция бар. Ал да тээ совет доорундагы жабдыктар менен иштеп келет.


Ош шаарындагы абанын булганышын байкоо бекети кантип иштейт?
Алексей Кулибаба, абанын булганышын байкоо бекетинин байкоочусу
2017-жылдын июлунда Ош шаарында абанын күкүрт диоксиди менен булганышы 0,12 жол берилген концентрациядан 0, 08ге түштү, азот диоксиди менен булганышы өткөн айдын деңгээлинде калып, 1, 25 жол берилген концентрацияны түздү. Июлда Ош шаарында азот диоксиди орточо суткалык жол берилген концентрациядан ашыкчараак болуп 22 күн кармалды.
Булак: © Кыргызгидромет
Айлана-чөйрөнү корго0 жана токой-чарба мамлекеттик агенттигинин Ош аймактык башкармалыгынын лабораториясы
Айлана-чөйрөнү корго0 жана токой-чарба мамлекеттик агенттигинин Ош аймактык башкармалыгынын лабораториясы да заманбап жабдыктарга жана кесипкөй адистерге муктаж. Азыркы жабдыктар шаардагы абаны байкап турууга жол бербейт. Азырынча лаборатория чарба субъектилеринин гана абаны булгашын текшерүү менен алек.

"Биз аба курамын текшербейбиз, биздин жабдуулар буга мүмкүндүк бербейт. Адистер да жок, бир эле кызматкер бар. Азыр чет элден жабдык күтүп жатабыз. Жакында эле бизге 4 штат бекитип беришти, Мамлекеттик кадр кызматы аркылуу адистерди издеп жатабыз. Буга биз 6 жыл аракет кылдык. Кийинки айдан Ош шаарынын абасы тууралуу маалымат айта алабыз", - дейт Айлана-чөйрөнү корго0 жана токой-чарба мамлекеттик агенттигинин Ош аймактык башкармалыгынын башчысы Жаныбек Баатыров.
ЖАШЫЛ ДЕСАНТ
Шаарда өскөн дарактар менен бадалдар күн сайын, саат сайын абдан чоң жумушту аткарышат: чаң менен көмүр кычкыл газын жутуп, кычкылтек бөлүп чыгарат, санитардык-коргоо, суу жана ызы-чуудан коргоо милдетин аткарып, калаага көрк эле бербей, микроклиматты да түзөт.

Ошто акыркы жылдары "жашыл маселеге" көбүрөөк көңүл бурула баштады. Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты быйыл үчүнчү питомнигин ачты. Жумушчулар калаада өскөн дарактардан урук чогултуп, питомникте жетилтип, анан кайрадан отургузуу менен алек. Буга эң негизгиси бюджеттен кошумча акча кетпейт.

Айгүл Наватова
Ош шаардык көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинатынын башчысы
Изилдөөлөр боюнча дүйнөдөгү эртелеп катталган 3,1 млн өлүмдүн 3,2%ындагы ооруларды имарат ичиндеги жана шаарлардагы абанын булганышы чакырат. Бул көрсөткүчтөрдүн басымдуусу өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө туура келет.

Аба булганышынын алдын алуу үчүн аба жана транспорт сапаты боюнча саясий чечимдер, шаарлардагы абанын булганышын көзөмөлдөө боюнча нормативдик документтер, өндүрүш чыгындыларын көзөмөлдөө жана энергиянын таза булактарын жайылтуу керек.

Имарат ичиндеги аба булганышын азайтуу үчүн катуу отундан баш тартуу жана үй чарбаларында отундун таза түрүн колдонуу, шамалдатуу боюнча заманбап жабдыктарды колдонуу, тамекиден баш тартуу шарт. Аба булганышын азайтуу аракети парник газдарын азайтууга жана дүйнөлүк жылуулануунун терс кесепеттерин кыскартууга да салым кошот.

Долбоорду даярдагандар:

Асанбек Каракозуев
Каныбек Жалалидин уулу
Кубанычбек Жусанов
Нуржигит Чолпонбай уулу
Акылбек Орозматов
Мырзайым Жаныбек кызы
Данияр Садиев

Бул материал Европа Биримдигинин колдоосунда даярдалды. Макаланын мазмуну үчүн Ынтымак Media Group жооптуу жана ал Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.
Made on
Tilda