Ак калпак-Ала-Тоонун символу

Калпак бири-бирине дал келген 4 талаадан куралат. 4 талаа биригип келип кыргыз эли байыртан мекендеген Ала-Тоону чагылдырат. Демек, мекенибиздин символун берет. Калпактын ак кийизден жасалганы анын ыйыктыгын, аруулугун түшүндүрөт. Калпак – байыркы баш кийим. Аны кийген адам ата-бабаларынын тарыхына тамырлашып, элинин салтына, маданиятына бекем байланышат. Калпактын ыйыктыгы да ушунда.
Калпактын төрт кырынын мааниси
Чынында ушундай, анда берилип жаткан ар бир түс жана ар бир оюу өзүнө таандык маанини туюндуруп турат. Калпак бири-бирине дал келген төрт талаадан куралат, ал төрт талаа байыркы заманда аныкталган адам жашоосунун төрт башталмасы — от, суу, аба, жер болуп саналат. Демек, ал жердеги адам жашоосунун негизи, бир Теңирден келген улуу табылга катары, анын негизги философиялык төрт башталмасын башына көтөрүп жүрүү зарылдыгын айкындап турган баш кийим экендигин, адам акыл-эсинин башаты кайда болорун туюндурган чоң акылман нерсе экендигин көрөбүз.


КАЛПАКТЫН ТҮСТӨРҮНҮН МААНИЛЕРИ
Кыргыздар уулу балагатка жеткенге чейин кыюусу жашыл калпак кийгизишкен. Бул баланын жаңыдан жетилип келе жатканын туюндурат. Ошондой эле балага көз тийбесин деп калпактын маңдайын эки ача кылып тилип коюшкан.
Уул бала балагат жашына жеткенде кыюусун кызыл түскө алмаштырышкан. Мындай калпак кийген бала кыз жандап жүрүүгө, өзүнө жар издөөгө акылуу болгон. Илгери айылга кыюусу кызыл калпак кийип, башка жактан келген жаш жигитти көргөндөр "и-и, кыз издеп келген тура" деп түшүнүшкөн. Жеңелер андай уланды сынай карап, бой жеткен кайын сиңдисине ылайык келерин же келбесин байкашкан. Эгер ылайык көрсө, жигитти кепке тартып, аты-жөнүн, тегин сурап, кайын сиңдиси менен тааныштырууга мүмкүнчүлүк түзүшкөн. Ошентип, калпактагы кыюунун арты менен жигит өзүнө жар табууга жетишкен
Жигит үйлөнүп, өзүнчө үй-жай күткөндө кыюусу кара калпак кийгизишкен. Мындай калпакты илгери кыз тарап даярдап келип, күйөө балага тартуулашкан. Кара кыюу жигиттин үй-жайы бар экендигин, жигит ак-карасы аралаш турмуш шарына кошулганын баяндаган.
Эгер адам өз айылдаштарынын же өз уруусунун алдында кадыры жогорулап, эл башкарууга кудурети жетип калса, анда андай адамга аппак түстөгү калпак кийгизишкен. Мындай калпакты калыс, акылман, көсөм адамдар да кийүүгө акылуу болушкан.
Уруу башчылары, бийлик ээлери карапайым калктан айырмаланып турушкан. Алар даражасы жогору экендигин билдирген төбөсү шуңшуйган, кыюусу жок ак калпакты кийишкен. Андай калпак кийинчерээк "Бакай калпак" аталып кетти.
Кокус жары көз жумуп кетсе, анда эркек кырлары кара менен бастырылган калпак же кара кийизден жасалган калпак кийген. Кайра нике жаңыртканда кыюусу ак болгон калпак кийүүгө өтчү
КАЛПАККА САЛЫНГАН ОЮУНУН МААНИЛЕРИ
Жигиттер аңчылыкка, куш салууга жакын болсо, калпактарына ошол маанини камтыган оюм-чийимдер түшүрүлгөн. Мисалы, "тоо теке", "бүркүт", "аркар" оюмдары. Эл баатырларына «илбирстей», «бөрүдөй», «жолборстой» деген салыштыруулар көп колдонулгандыктан, калпактарына "илбирс", "жолборс" жана башка түрдөгү оюулар түшүрүлгөн.
Илгери калпактар 2 талаадан гана турган. Калпак көрүнүшү боюнча экиге бөлүнөт: айры калпак, туюк калпак.
Кыргыз калпагы, бир караганда, жөн гана жашоо-тиричиликке ыңгайлуу, ысыкта күндөн сактаган, суукта ызгаардан коргогон, жылуу десе жылуу, жеңил жана жайлуу баш кийим катары көрүнөт.
Кыргыздар колуна калем алып жазган эмес дешип, кат-сабаты ачылбаган катары далилдеп келишүүдө. Ушул сөздү укканда, ата-бабаларыбыз үчүн кадимкидей уялып кетчүбүз. Көрсө, бул туура келбеген, чындыкка коошпогон көз караш экен. Алар жазышыптыр, болгондо да өздөрүнүн жашоо-турмушуна ылайык көчмөн цивилизациясынын духун чагылдырып турган касиеттеги жазууну пайдаланышыптыр. Албетте, ал жазуулар кагазга түшкөн эмес, бирок, ал жазуулар кыргыздын туш кийиздерине, шырдактарына, боз үйдөгү оюуларда, кийген кийимдердеги оюм-чийимдерде берилип, ошол оюуларды окуу аркылуу кыргыздар бирин бири түшүнүп, сырттан пикир алышып келишкендигин көрөбүз.

Тактап айтканда, кыргыздар өзүнө керектүү жазууну өзү менен кошо дайыма көтөрүп жүрүшкөн. Ал «жазуулар» азыркы биздин жазуулардай жөн салды сөздөр гана болбостон, өтө терең мааниге ээ, өзгөчө көтөрүп жүргөн адамдын коомдогу ордун аныктап берүүчү анын паспорту да болуп саналгандыгын, ал «сөздөрдү» талдай келгенде билебиз. Кыргыздын улуттук жүзүн, маданий турмушунун, көркөм өнөрүнүн ажарын ачып турган кыргыз оюуларын кыргыздын кыз-келиндери жөн эле колу-жо-лу боштугунан эмес, анда чагылып турган маани башкаларга дал ошол маанисинде жетип туруу үчүн талбай катуу киришкенин байкайбыз…

Made on
Tilda