Чектелген мүмкүнчүлүктөр шаары

Көрүнбөгөн адамдар... Аларды көчөдөн же мектептен, театрдан же дүкөндөн жолуктура албайсыз. Алар бар, бирок жок...Алар терезе артындагы чеги урагыс өзүнчө дүйнөдө жашап жатат...
Ош шаарында 4 миңге жакын мүмкүнчүлүгү чектелүү адам жашайт. Алардын табият чектеген мүмкүнчүлүгүн калаа көчөлөрүндөгү, коомдук транспорттогу жана имараттардагы тиешелүү шарттын жоктугу ого бетер кыйындатат. Бул тоскоолдуктардан улам майыптардын 90%ы үйдөн чыга алышпайт, - дешет бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү.

Адатта шарт десе эле пандустарды элестетебиз. Бирок арабызда арабада отургандардан башка таяк менен жүргөндөр, көзү азиздер жана кулагы укпагандар да бар. "Сүйлөгөн" (көзү азиздерге) же вибрациялуу (дүйлөйлөргө) жол чырактар, пандустуу автобустар сыяктуу жеткиликтүү чөйрөнүн башка элементтери Ош үчүн азыр бейтааныш. А биз билген пандустарды "өлүм пандустары" деп атап коюшат. Анткени калаадагы мындай каражаттардын 90%ы туура эмес курулуп, мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын өмүрүнө коркунч жаратат.
Биз эксперимент жүргүздүк. Арабада -каскадер Нургазы. Дени сак, күч-кубаттуу жигит Оштогу пандустарды "багындыра" алган жок.
Кузнецова: Пандусу жок мекемелерди сотко беребиз


Ош шаарындагы мамлекеттик мекемелердин 90%да пандустар орнотулган, бирок жеке ишканалар, соода жайлары бул талапты аткарышпайт, - деп билдиришти архитектура кызматынан. Алар жылына 2-3 жолу объект ээлерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турушат, бирок мындан маселе чечилип кетпейт.

Архитектура кызматынан кошумчалашкандай, пандустарды курууда так эрежелер жок, имараттын пайдубалына карап салына берет.

Бирок бул маалыматты "Smile.KG" коомдук фондунун башчысы Лариса Кузнецова төгүндөйт. Алар өткөн жылы калаада рейд өткөрүп, көпчүлүк мекемелерде пандустар жок экенин аныкташкан, болсо да 90%ы кооптуу. Ишканалар мындай каражаттарды орнотууну убадалаган менен бир жылда абал өзгөргөн жок.

" Жакынкы күндөрү дагы рейдге чыкканы жатабыз. Биздин талап аткарылбаса, сотко беребиз деп жатабыз", - деди Кузнецова.


Үйдүн ичинде жүргөндө жөрмөлөп жумуш жасай берем. Көчөгө антип чыга албайсын да.
Мадина Арслан кызы учурда " Улыбка" коомдук фондундагы атайын курста дүлөй жана дудуктардын тилин үйрөнүп жатат. Максаты өзү сыяктуу балдарга жардам берүү. Өз алдынча көчөгө чыгууда Мадина жолдогу унаалардын көптүгү, атайын алар үчүн жолдордун каралбагандыгы түйшөлтөт. Окууга келгенде бир нече сааттап, жолдон өтө албаган күндөр болгон. Мындан сырткары ал баруучу имараттардагы пандустардын жоктугунан, артка кайтууга аргасыз.

"Үйдүн ичинде жүргөндө жөрмөлөп жумуш жасай берем. Көчөгө антип чыга албайсын да. Шаарга баруу үчүн атайын такси чакырам, окуума кирем кайра кайтам. Эч кимдин жардамысыз базарга, дүкөндөргө, концерттерге баргым келет. Бирок андай шарттын бизде жоктугу менин бул кыялымдан кайтарат",-дейт Мадина
Пандус деген эмне жана ал кандай болушу керек?
Пандус - араба жүрүү үчүн ылдыйлатылган жол. Ал 4 см өйдө болгон бардык жайларда - имараттардын босогосунда жана ичинде, жолоочулар тилкесинде орнотулушу керек. Бизде адатта 4 см бийиктикти майыптар тоскоолдуксуз эле басып өтөт деп эсептешет. А бирок эл аралык практикада 1,3-1,5 смден жогору өйдөлүшкө пандус болушу шарт.

Пандус үч бөлүктөн турат:
1. пандустун ылдый жагында горизанталдык аянтча
2. Пандустун ылдыйыш жолу
3. жогору жактагы горизанталдык аянтча

Пандустун эки тарабында таянуу үчүн тосмолор болушу керек. 5%дан жогору ылдыйыш арабадагы адамдын жүрүшүнө кыйынчылык жаратат, а таянуу тосмолору болсо, адам эки жагынан тартынып чыгып кете берет же түшөт.
Бир эле пандус майыптар үчүн сырткы дүйнөгө көпүрө эмес. Коомдун мүмкүнчүлүгү чектелүүлөргө мамилеси өзгөчө адамдарды ого бетер жалгызсыратат.
Жумадыл баса албайт, акыл-эс жактан өсүүсү да артта калган. Аны өмүр бою коштоп келаткандар – апасы жана арабасы.
"Кечке караганым – уулум. Ал дайыма менин көз алдымда болушу керек. Жумадыл бирөөлөр менен сүйлөшкүсү келет, адамдарга аралашканды жактырат. Үйгө көп адам келип калса кубанат. Бирок мындай күндөр кээде гана болот. Ырдаганды, кино көргөндү жактырат. Кинотеатр же концерттерге эч тоскоолдуксуз баруу - балам экөөбүздүн ишке ашкыс кыялыбыз.

Менин уулум сыяктуу ондогон балдар бар. Акыл-эси жайында, бирок баса албаган татынакай кыздар бар. Алар да эч жакка чыга алышпайт, коомго аралашышпайт. Себеп - шарттын жоктугу, шаардагы бир да имаратта талапка жооп бергидей пандус жок. Адамдардын бизге болгон көз карашы, мамилеси, бизден обочолонуп-корунушу ого бетер жанды кыйнайт. Мындан улам өзгөчө муктаждыктагы балдар үйдө камалып отурууга аргасыз.

Дана Эрматова
Жумадылдын апасы
КРнын "Мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" мыйзамы

43-берене

Мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары, юридикалык тараптар менчик түрүнө карабастан, мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын турак-жайларга, коомдук, административдик, өндүрүш имараттарына, эс алуу жайларына, маданият мекемелерине кирип-чыгышы үчүн шарт жаратууга жана коомдук транспорт, транспорт коммуникациясы, массалык маалымат каражаттарын тоскоолдуксуз пайдала алышын, эркин жүрүшүн камсыздоого милдеттүү.
Радик Кутлуев - биринчи топтогу майып. Ал шаардагы башка мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардан айырмаланып, үйдө отурбайт. Өзү компьютерди жакшы билет, бейөкмөт уюмдардын жардамында билгенин башкаларга үйрөтүү менен алектенет.

Жумушу болгон менен Радиктин көздөгөн жерине жетиши абдан кыйын. Автобуска чыгуу үчүн ага бир нече адамдын жардамы керек.
Радик Кутлуев
Айдоочу эшиктерин жапты да, автобусту айдап кетип калды.
Радиктен айырмаланып, Марина Фегеле өзү баса алат. Балдактын жардамында. Бирок ал коомдук транспортто жүрүүдө айдоочулардын орой мамилесинен улам көп кыйналат.

"Бир жолу аялдамада 2-автобусту күтүм тургам. Унаага чыгыш үчүн алдыңкы эшикке барсам, айдоочу каалганы ачпай, арткы эшикке өт деди. Мен үчүн арткы эшик ынгайсыз десем, эшикти жапты да, айдап кетип калды", - дейт Марина.
Ош шаарында 3670 мүмкүнчүлүгү чектелүү адам жашайт
5,5%
1-топтогулар
20,3%
2-топтогулар
65%
3-топтогулар
3670 бул каттоодо тургандардын гана саны. Алардын 1300ү топко киргендери болсо, 2000ге жакыны 18 жашка чейинкилер жана түрдүү дарт менен ооругандар.
Ош шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын кызматкерлеринин айтымында, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар белгиленген топторуна карап жөлөкпул алышат. Алардын топко чыгуусу медициналык-социалдык экспертизадан берилген корутундуга ылайык аныкталат. Орточо 1500 дөн 3000 сомго чейин жөлөк пул төлөнөт
Мамлекеттен берилген 3000 сом жөлөк пулду күтпөстөн өз алдынча аракет кылып иштеп жаткан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар да бар. Алардын бири Жамгырчы Абдыкалыков көзү азиз экендигине карабай өзү сыяктуу 20 га жакын баланы телефон оңдоону, компьютерде иштөөнү үйрөтүп келген.
"Атайын көзү азиздер жана дүлөйлөр коому бир бөлмө ажыратып берген. Мен ал жерде түштүктүн ар кайсы аймактарынан келген 20 га жакын балага комьпютерде иштөөнү үйрөттүм. Бирок бул долбоор гана болгондуктан азыр токтоп калды. Жакында дагы бир долбоордун үстүндө иштеп жатам. Анда мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн спорт менен машыгуучу жай, көзү азиздер үчүн атайын таяктын жардамында шаарда жүрүүнү үйрөтүүчү курстарды ачабыз",-дейт Жамгырчы.
Майыптарга эмес, соо адамдарга жумуш жок деген кагууну иш издеп жүрүп көп эле уккам
Оштогу азиздер жана дүлөйлөр коомунун «Дыйкан» ишканасында жалпысынан 35ге чукул кызматкерлер иштейт. Алардын көпчүлүгү чеберчиликке басым жасап, олпок (матрас) тигет.
Тигилген матрастар ооруканаларга жана Өзгөчө кырдаалдар министирлигине өткөрүлөт,буюртма да кабыл алышкан күндөрү болгон.
Бул ишканада көбүнчө 2-топтогу майыптар иштешет. Мындагылар жасаган жумушуна, буюртманын түшүшүнө карап, 2 миңден 10 миңге чейин айлык акы алышат. Бирок көпчүлүк эле мүмкүнчүлүгү чектелүүлөр бул ишкананы биле бербейт. Мындагылар буюртманын аз, көп экендигине карабай жумушу бар экенине сүйүнүшөт.

"Майыптарга эмес, соо адамдарга жумуш жок деп, иш издеп кагуу уккан күндөр көп эле болгон дейт",- атын атагысы келбеген жумушчу.

Учурда 30 дан ашуун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды жумуш менен камсыз кылып келе жаткан ишканага атандаштык күч. Анткени жеке тикмечилердин буюмдары арзан баада болуп, мамлекеттик мекемелерден суроо талап жок. Буюртмасы азайып, жумушсуз калган күндөрү да болуп жатат. Алардын өндүргөн тавардын базар наркынан жогору болушуна төлөгөн салыктары себеп. Мындан улам мамлекеттик мекемелер биз менен иштешүүнү каалабай жатат, жумушсуз калуу коркунучундабыз жумуш жок болуп калса кайда барабыз деп кооптонушат жумушчулар.


КРнын "Мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" мыйзамы

28-берене.
Жумуш берүүчүлөр белгиленген квотаны эске алуу менен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды ишке орноштуруу үчүн жумуш орундарын түзүүгө милдеттүү.

Жумуштуулук боюнча мамлекеттик кызмат органдары коомдук уюмдардын катышуусу менен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн иштеп жаткандардын санынан (эгерде иштеп жаткандардын саны 20 кишиден кем эмес болсо) 5 пайыздан кем эмес өлчөмдөгү жумуш орундарын квоталоо боюнча нормативдерди иштеп чыгышат, ал эми жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар аны бекитишет. Мында бул нормативдин эсебинен толук эмес жумуш убактысынын шарттарында жумуш берүүгө мүмкүнчүлүк берилет.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн жумуш орундарын квоталоо нормативи жумуш берүүчүлөргө жумуштуулук боюнча мамлекеттик кызмат органдары тарабынан кезектеги календардык жыл башталганга чейин 3 айдан кечиктирбей жеткирилиши керек.

Биз бул мыйзамга ылайык шаардагы беш мекемеге, кызматкерлериңиздин канчасын мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандар түзөт деген суроо менен кайрылдык.
  1. Ош шаардык мэриясы жалпы кызматкерлеринин саны 69. Алардын ичинен бирөө гана мүмкүнчүлүгү чектелүү жаран.
  2. Ош шаардык жумуш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгында 14 кызматкер болсо анын экөө майып.
  3. Социалдык өнүгүү министрлигинин Ош шаардык башкармалыгында 7 мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандар иштеп, кызматкерлердин 15% түзөт.
  4. Ош шаардык архитектура башкармалыгынын кызматкерлерин катарын 1 ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү адам толуктайт.
  5. Ал эми Ош шаардык паспорт жана виза катто бөлүмүнүндө былтыркы жылы биометрикалык маалыматтарды топтоодо үч мүмкүнчүлүгү чектелүү жаран эмгектенген.
29-берене. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды ишке орноштуруу
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды ишке орноштуруу жумуштуулук боюнча мамлекеттик кызмат органдары тарабынан камсыз кылынат. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды атайын түзүлгөн же квоталанган жумуш ордуна ишке кабыл алуу тууралуу алардын жолдомосу жумуш берүүчүнүн аткарышы үчүн милдеттүү болуп эсептелет.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамды мамлекеттик кызмат органдарынын жолдомосу боюнча жумушка алуудан негизсиз баш тарткан учурда жумуш берүүчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

Ал эми Ош шаардык жумуш орноштурууга көмөктөшүү башкармалыгына күн сайын эле мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандар кайрылат. Бирок алардын баары эле жумушка орношууга мүмкүнчүлүгү жок.

"2016-жылга мэрдин токтому менен шаардагы 26 мекемеге жыл ичинде 30 мүмкүнчүлүгү чектелген жаранды жумушка орноштуруу каралган. Азыр алардын 90 % ы жумуш менен камсыз болду. Бирок мекеме ишканалардагы пандустардын жоктугу, анан өздөрүнүн да ден соолугуна ылайык келбей калышы менен толук бут баары жумуш менен камсыз боло албайт",-дейт аталган башкармалыктан ишке орноштуруу бөлүмүнүн башчысы Кумар Рамашов.
Our Company

Ош шаарында мектеп жашындагы мүмкүнчүлүгү чектелген 1000 ге жакын бала болсо алардын 30 пайызы гана билим алууга тартылган.

Мүмкүнчүлүгү чектелгендердин так саны
1019
Алардын ичинен 7 жаштан 16 жашка чейинкилер
579
Ош шаарындагы №12 адистештирилген мектепте билим алгандар
149
Көзү азиз жана көрүүсү начар балдардын интернаты
23
Жалпы билим берүүчү мектептерде
203
Үй шартында билим алгандар
105
Билим алуудан баш тарткандар
4
Билим алгандардын жалпы саны
484
Билим алууга тартылбагандар
95
Сегиз жаштагы Севара быйылкы жылы шаардагы мектептердин биринин босогосун аттады. Ал былтыркы жылы "Балдардын ден соолугун калыбына келтирүү борборундагы" "Эртең мектепке" долбооруна катышып мектепке даярданган. Тубаса дарт менен төрөлгөн Севара өз убагында мектепке бара алган эмес.

"Биз даарылатканы алып келип, ушул долбоорду угуп калдык. Кошумча билим алсын, үйрөнсүн деп күндө алып келип жаттык. Бул жерде өзү сыяктуу балдарга кошулду алар менен баарлашат, ойнойт көп нерсе үйрөндү. Жылыш бар, мындан кийин мектепке бердик башка балдар менен чогуу эле окуп жатат. Баарыбир ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү болгондуктан түштөн кийн сабактарын даярдоо үчүн ушул жерге алып келебиз",-дейт Севаранын апасы
Беш жылдан бери мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жардам берип келе жаткан "Smile.KG" коомдук фонду ондогон долбоорлор менен иштеп келе жатат. Алардын баары билим алууга багытталган.

"Ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер деле башка балдардай билим алууга укуктуу. Мындан улам мектептерде инклюзивдүү билим берүүнү жакшыртуу керек . Анын алгачкы кадамдары катары окуучулар үчүн пандустарды орнотуу. Биз эмне үчүн майып балдар башка балдар сыяктуу эле мектепте окусун деп жатабыз, анткени балдардын укуктары жөнүндө жана майыптардын укуктары тууралуу конвенциялар, Кыргызстандын мыйзамдары балдардын баары мектепте билим алууга укугу бар экенин билдирет. Экинчиден, майып балдар башка балдар менен чогуу окуу, ырдоо, ойноо аркылуу өсөт. Алар менен кошо алар кадимки жашоого адаптацияланат",- дейт аталган фонддун жетекчиси Лариса Кузнецова

Ал кошумчалагандай шаарда 56 мектеп болсо, алардын он чактысында гана пандустар орнотулган.

"Эртең мектепке" долбоорунун окутуучусу Тазагүл Сагынбаева мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар да башка балдар сыяктуу билим алыш керек деп билет.

"Айрым ата-энелер балдарын майып болуп калса эле болду деп окутууга көңүл бурбай койушат. Бул туура эмес аларга өзгөчө көңүл буруп, мектепке даярдаш керек. Биз ушул багыта иштеп майып балдарды окууга тартып жатабыз. Ар түрдүү дарт менен ооругандар бар алардын ар бирине мүнөзүнө жараша, кылдаттык менен мамиле кылабыз. Биздин курста мектепке 10 дон ашуун баланы даярдап мектептерге жайгаштырдык. Эми алар күн сайын сабактары бүткөндө кошумча даярдануу үчүн бул жерге келип турушат",-дейт Т. Сагынбаева

Азыркы убакта Ош шаарында 105 бала үйдө билим алууга аргасыз. Шарттын болбогону үчүн бул балдар мектепке бара албай жатканын ата-энелер менен бейөкмөт уюмдар белгилешет.



Кыргызстандагы 161 миң майып бул расмий түрдө катталган сан. Бул майыптыгы үчүн мамлекеттен жөлөк пул алгандардын саны менен гана эсептелген. Бирок Бүткүл дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюмунун изилдөөсүндө, өлкөдө 780 миң мүмкүнчүлүгү чектелүү адам жашайт.
Даярдагандар:
Автор: Айдай Беделбек Кызы
Операторлор: Мунар Арзыбек уулу, Нуржигит Чолпонбаев
Редактор: Мырзайым Жаныбек кызы

Материал "АИР Поддержка" коомдук бирикмеси "Ынтымак" КРТРКсы менен өнөктөштүктө Прагадагы жарандык борбордун каржылык колдоосу астында ишке ашырып жаткан "Ынтымактын базасында медиалаборатория түзүү" долбоорунун алкагында даярдалды.
Made on
Tilda