Аял ыйлаган коомдун эртеңи бүдөмүк

Ошто ар бир жыйырма бешинчи аял зордук-зомбулукка дуушар болот.
Жылына элүүдөн ашык аял өз жанына кол салат.
«Апа, мага ыраазы болуңуз, мени эстеп көп сагынбаңыз, ооруп каласыз. Жашагым келбей жатат, кечиргиле. Жакшы келин болуп жүргөн элем, кайнатам себепкер болду. Ошол окуяларды эсимден чыгара албай койдум, Кудай бар..."
келиндин каты
Бул кайнатанын сексуалдык мүнөздөгү зордугуна чыдай албай, өз жанын кыйган 20 жаштагы келиндин акыркы каты. Окуя Ош облусунун Ноокат районунда болгон. Феруза (аты өзгөртүлдү) жаңы үй-бүлөгө келгенден үч ай өтпөй, кайнатасы эч ким жокто тийише баштаган. Бул жагдайды келин-күйөө баланын жакындары ортодо талкуулап, окуяны ачыктабай турган болушат. А кайната экинчи мындай аракетке жол бербөөнү убада кылат. Бирок ал көпкө кармана албады, келинин каралоочу ушактарды таратам деп коркутуп, жыныстык катнашка мажбурлаган.

Кайнатанын мындай аракетине чыдабаган 20 жаштагы келин ушул жылдын 1-апрелинде асынып алган.

Феруза сыңары үй-бүлөдөгү зомбулуктан жанын кыйып кутулгандар Ош облусунда жүздөп саналат. Кантсе да милиция, укук коргоочулар айткан сандар чыныгы абалды көрсөтө албайт. Көпчүлүк учурда жабыркаган кыз-келиндердин жакындары жабылуу аяк жабылуу бойдон калышын туура көрөт.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматында, өз жанын кыйган аялдар көбүнчө 30-35 жаштагылар. Ал эми өз жанын кыюуга аракет жасап ооруканага түшкөндөр, абалы турукташканда эмне себептен ал кадамга барганын жашырышат.

"Жыгылып түшүп, бычакка урунуп алдым", "кокустук болду", "эскирген тамактан ууландым" деген сыяктуу шылтоолорду айтышат. Ошентип, 2015-жылы Ош шаары жана облусу боюнча 300 аял "ууланса", быйыл 6 айда эле 360 учур катталды.

Кыргызстанда үй-бүлөдө запкы жеген кыз-келиндердин бараар жери -кризистик борборлор. Ош шаарында "Ак жүрөк" деп аталган жалгыз ушундай уюм иштейт. Бул жакка аялдарды мамлекеттик мекемелер, укук коргоо органдарды да жиберип турушат. Башкалардан угуп, жардам сурагандары да бар.

Биз барган кезде "Ак жүрөк" кризистик борборунун убактылуу жайында беш аял (айрымдары балдары менен) жашап жатыптыр. Алардын ичинен эң эле оор абалда турганы - 38 жаштагы Айнура (аты өзгөртүлдү). Ал беш баласы менен көчөдө калган.

Күйөөсү Айнурага башында кол көтөрүп, кайын-журту басмырлап, тынчтык бербей жүргөн. Эми ажырашкандан кийин үйдү жана балдарды талашып жатышат. Чүрпөлөрү менен көчөдө калган аял кризистик борбордо төрт айдан бери баш калкалап жүрөт.

"Бул жердеги юристтер жардам берип жатат. Күйөөм менен соттошуп жүрөбүз. Бардык инстанцияларды деле басып өттүк, бир тараптуу чечиле элек".
Айнура
Айнура сыңары колдоо, түшүнүү издеп "Ак жүрөк" ачылган 14 жылда 10 миңден ашык кыз-келиндер кайрылды. Алар - күйөөсүнөн, кайын-журтунан, жадагалса өз туугандарынан психологиялык, физикалык, сексуалдык зомбулук көргөн аялдар, никесиз боюна бүтүп, жигиттерине алданган жаш кыздар. Борбор башчысы Дарика Асылбекова ар биринин тагдыры тууралуу сааттап айтып аягына чыга албайт.
"Ак-жүрөк" кризистик борборунун адистери
Укук коргоочулардын айтымында аялдарга карата зомбулук десе эле күйөөсүнөн ур-токмок жеп, көгала болгон кыз-келиндерди элестетишет. А бирок алар турмушта жакындарынын психологиялык басымынан көбүрөөк жабыркашат.

"Бир эле мисал, көп келиндер укугун коргомок турсун, ээн-эркин басып-тура алышпайт. Кайын-журту аны үй кызматчысы катары көрөт. Күйүп кеткен тамак үчүн, базардан кечигип келген 10 мүнөт үчүн, ооруп калган баласы үчүн да жеме угушат. Ушинтип, ар күнү кайталанат. Ушундай психологиялык басымда жашаган келин ачуусун балдарынан чыгарат. Демек, үй-бүлөдөгү зомбулуктун биз элес албаган ушул түрүнүн кесепети оор", - дешет психологдор.

"Зомбулукка чыдабай, бир күн ал күйөөсүнө бычак сайышы мүмкүн. Ушинтип ал жылдап топтолгон чыдамына чекит коет да, өзү темир тор артына кетет".
психологдор
Психологдордун айткандарын укук коргоо органдары да ырастайт. Жыл сайын Ош шаарында аялы күйөөсүн өлтүргөн эки же андан ашык окуялар катталат. 2014-жылы эки келин күйөөсүнө бычак сайса, 2015-жылы да эки аял ушундай кылмышка барган.


Күйөөсүн же өзүн өлтүрүп зомбулуктан кутулган аялдар менен катар эле укук коргоо органдарына жардам сурап кайрылган кыз-келиндер да көп. Ош шаардык милициясы дээрлик күн сайын үй-бүлөлүк чатак боюнча чакырууларга барат. Зомбулукка кабылган келиндер арыз менен да кайрылышат. Бирок арызданган ар бир 42 аялдын бирөөсү гана ишти сотко чейин жеткирет.
Үй-бүлөлүк зордук-зомбулук канча турат?

Үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун каржы кесепеттери тууралуу ойлонуп көрдүңүз беле? Эл аралык укук коргоо уюмдары ушул темада 2012-жылы Кыргызстанда изилдөө жүргүзүшкөн.

Алардын бүтүмүнө ылайык, эгер зомбулуктан улам өлүм катталса, анда мамлекетке 1 млн 637 миң сом чыгым болот. А эгер аял сексуалдык зордуктоого кабылса, 232 миң сом чыгаша болоору эсептелген. (Сандар "Сколько стоит насилие в семье" изилдөө долбоорунун жыйынтык документинен алынды. )
Үй-бүлөлүк зордук-зомбулук – бул кылмыш. Бирок муну баары эле түшүнбөйт же түшүнгүсү келбейт. Уруш-жаңжал, ур-токмокту үй-бүлөнүн ички иши деп эсептешет. Бирок бул абийир жактан да, мыйзамда да жазаланчу иш. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде "үй-бүлөлүк зордук-зомбулук деген" берене жок болгону менен, мындай аракеттер башка беренелер – "өлүмгө жеткирүү", "денеге оор же жеңил залал келтирүү", "бейбаштык" ж.б. жоопко тартылат.
Адам укуктары боюнча жалпы Декларация: бардык адамдар зомбулуксуз жашоого укуктуу.
Аялдарга карата кодулоонун бардык түрүн жоюу боюнча Конвенция: үй-бүлө эксплаутациялоо, кыянат пайдалануу булагына айланса, мамлекет ошол үй-бүлөнүн ички ишине кийлигишүүгө, коргоого укуктуу.
Материалды даярдоодо ачык булактардан, "azattyk.org", "bbc.com.kyrgyz" сайттарынан сүрөттөр жана маалыматтар алынды. Ош аймагындагы зомбулукка кабылгандар боюнча статистика жана видеороликти "Аялдар тынчтык банкы" берди.
Даярдагандар:
Автор: Алтынай Балтабаева
Дизайнер: Адылжан Абидов
Редактор: Мырзайым Жаныбек кызы


Материал "АИР Поддержка" коомдук бирикмеси "Ынтымак" КРТРКсы менен өнөктөштүктө Прагадагы жарандык борбордун каржылык колдоосу астында ишке ашырып жаткан "Ынтымактын базасында медиалаборатория түзүү" долбоорунун алкагында даярдалды.
Made on
Tilda