Жаңы мектеп балдардын орундалгыс кыялына айланганда
Президент Алмазбек Атамбаев ушул жылдын аягына чейин Кыргызстанда бир дагы авариялык мектеп калбайт деп убадалаган. Бирок Ош облусундагы бир нече айылдардагы окуучулар жаңы окуу жылын эскилиги жеткен тамда, урайын деген мектепте жана контейнерде тосуп алышты. Үч жыл мурун боз үйдө окуган кожокелендик балдардын көйгөйүн болсо кайра авариялык имаратка көчүрүү менен чечип коюшкан.


Кароосуз калган үйдөгү окуу
Кара-Суунун Папан айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Гур айылын үч жыл мурун сел каптаган. Кырсыктан №114 Кара-Гур орто мектеби жараксыз абалга келген. Андан бери жаңы мектеп бүтпөй, окуучулар үйлөрдө окуп жатышат. Жеке турак-жайлардын абалы да жакшы эмес, электр жарыгы жок, эскилиги жетип, кароосуз калган. Окуучулардын ар жылы сентябрда жаңы мектепке киребиз деген үмүтү аткарылбай келет.

Сел азыр окутуу жүрүп жаткан үйдү дагы каптап, жашоочулары башка жака көчүп кетишкен. Эскилиги жеткен тамдын абалы мектептин имаратына салыштырмалуу жакшыраак,- дешет мугалимдер. Бирок кышында жыртык-тешиктерден шамал кирип турат.

Кара-Гур орто мектеби

Бөлмө тар болгон үчүн окуучулар батпайт, бир партага үчтөн олтурушат.
Кышында бөлмөлөр ысыбайт. Кара-Гурга былтыр дагы барганбыз, бир жылда абал өзгөргөн жок.
Left
Right
"Класста доска, партадан башка эч нерсе жок. Мугалимдер иш пландарын, окуу усулдарын, көргөзмө куралдарын коё турган жай жок. Ар бир сабакты керектүү материалдар менен өтсөк жакшы болмок. Бирок, айла жок эки жылдан бери ушинтип окутуп жатабыз",- деди №114 "Кара-Гур"орто мектебинин мугалими Сыдык Сариев.
Кара-Гур мектебине бир жыл мурун барганбыз. Жаңы окуу жылында маселе чечилген жок.
140 окуучуга эки адамдын үйү ижарага алынган. Акысын айыл өкмөт төлөйт. Жаңы мектептин курулушуна 36 миллион сом керектелет. Ал каражат үч жыл дегенде араң бөлүнүп, азыр курулуш жүрүп жатат. План боюнча жаңы окуу жылына пайдаланууга берилет деген билим уясы бүтпөй калган.

Жаңы имарат 100 окуучуга ылайыкташып, бир кабаттуу болуп түшүп жатат. Жыл аягына чейин пайдаланууга берилери күтүлүүдө. Бирок окуучулар азырынча мындай убадаларга ишеним артпай турушат.
Окуучулар шарты жок үйдө билим алуунун ыңгайсыздыктарын санап бүтө алышпайт
Боз үйдөн кайра авариялык мектепке:
Кожо-Келенде көйгөй үч жылдан бери чечилбей келет
Оштун Кара-Суу районуна караштуу Кожо-Келен айылында 300дөй окуучу кооптуу имаратта билим алып жатышат. Алар эки жыл мурун авариялык абалдагы мектептен боз үй жана жеке турак-жайларга көчкөн эле.
Билим берүү министрлиги Кожо-Келенге 2016-жылы жаңы мектеп курулат деп убадалаган. Тилекке каршы, окуучулар быйыл да жарым-жартылай бузулган билимканада окуу жылын башташты. Өспүрүмдөр коркууну билбей, кооптуу имаратта отурганы менен, ата-энелер авариялык мектепке балдарын жиберип алып, кыжаалатчылыкта жол карап күн өткөрүшөт.
Бул мектеп тезирээк бүтүшү үчүн депутаттарбыз дагы үн кошсо болот эле. Тилекке каршы, жогору жактагылардын бири да кабар алып койбойт. Айла жок билим алсын деп жөнөтөбүз. Имарат кооптуу. Ата-энелер тынчсызданабыз.
— Жунусбек Матикеев, Кожокелен айылынын тургуну.
2015-жылы курулушу башталып, эски мектептин жарымынан көбү бузулган. Азыр 9 класстык бөлмө бар. Окуучулар анда эки нөөмөт менен окуп жатышат.

ӨКМ имаратты кооптуу деп тапканына 3 жылдан ашты. Андан бери жаңы мектептин пайдубалы гана түптөлүп, каражаттын жоктугунан курулуш токтоп турат.

Жаңы мектеп 250 орунга ылайыкташылып, чыгымы 52 млн сомду түзөт. Азыр анын 14 млн сому гана бөлүнгөн.
Абдумалик Раимбердиев
Султан Ибраимов атындагы орто мектептин мугалими
Сол жакта жаңы мектептин пайдубалы, оң жактагы жарымы ураган мектепте азыр окуу жүрүп жатат
Контейнердеги мектеп
Кыргызстанда авариялык мектептин көптүгүнөн жеке турак-жайда окуу көпчүлүк үчүн жаңылык эмес. Ал тургай контейнерде билим алып жаткандар да бар.

Кара-Суу районунун Миялы айылындагы мектеп жер көчкү түшүү коркунучу бар аймакта жайгашкандыктан, ага кирүүгө тыюу салынган.

Окуучулардын коопсуздугу үчүн билимкана жабылып, балдар кошуна айылдагы мектепке каттоого аргасыз болду. Бирок балдарын башка айылга алып барууга чамасы жетпеген ата-энелер да бар. Учурда башталгыч класстагы 21 окуучу контейнерде окуп жатат. Дагы 130дан ашуун окуучу 4 чакырым басып, башка айылдагы мектептерге каттайт. Айрым ата-энелер балдарын интернаттарга жайгаштырышты.
Окуучуларга шарт түзгөнгө аракет кылып, жабдыктарды койгонбуз. Бирок суук түшкөндө контейнерде окууга болбой калат. Окуучуларга кабатырланып жатканыбыз менен мындай окутуу канчага чейин уланары белгисиз.
— Жазгүл Ысманова, № 54 Миялы толук эмес орто мектебинин мугалими
Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Мурзабек Ахматалиев Миялыга жергиликтүү бюджеттин эсебинен чакан мектеп курууга аракет көрүлүп жатканын билдирди.

Табият кырсыгынан кооптуулук болбогон ченде да чейрек кылым мурда ашар жолу менен түптөлгөн мектептин эскилиги жетип, жаракалар пайда болгон.
Үч жылга курулган жыгач мектеп кырк жылдан бери иштеп келет

Ош шаарынын Алмалык айылында билим берүү кооптуу мектепте жүргүзүлүп жатат. 40 жылдан бери иштеп жаткан окуу жай 3 жылдык мөөнөткө курулган. Убактылуу деп имараттын баарын жыгачтан тургузушкан. Экотехинспекциясы өрт коопсуздук талаптарына туура келбейт деген негиз менен мектеп жетекчилигине ар жылы эскертүү берип келет. Бирок талапты аткарууга азыр шарт жок. Шаардан 25 чакырым алыстыкта жайгашкан айылдын тургундарында баласын кооптуу мектепке жөнөтүүдөн башка арга жок, анткени жакын жерде башка окуу жайлары түшкөн эмес.
Мамлекеттик экотехинспекциясынын Ош шаарындагы башкармалыгынын инспектору Гламидин Базарбаев
Экотехинспекциянын өкүлдөрү мектепте өрт коркунучу курч турат дешет. Жалаң жыгачтан курулган имаратта кокус жалын чыкса, өрт өчурүүчүлөр Алмалыкка жеткиче күлгө айланат. Айылда болсо агын суу эмес, ичүүчү суу да жок.

"Имараттын жыгачтары 39 жылдан бери куурап калган. Өрт чыкса, дароо күйүп бүтөт. Ош шаарынан өрт өчүүрүүчүлөр жеткиче эч нерсе калбайт да. Ким билет кайсыл учурда кандай кырсык болуп кетишин. Жалал-Абад облусунда ушундай фин тибиндеги мектеп чагылгандан өрттөнүп кеткен. Ошондуктан кепилдик жок", - Мамлекеттик экотехинспекциясынын Ош шаарындагы башкармалыгынын инспектору Гламидин Базарбаев

Мектеп жетекчилиги жаңы имаратты куруу боюнча долбоорду даярдап, акча бөлдүрө албай убара. Каражатка көз каранды болуп турган жетекчилик жер маселесин да чечкен. Азыр эски мектепти оңдоп-түзөп, болушунча коопсуздук эрежелерин сактап жатабыз дейт.
Алмалык орто мектебинде 200гө жакын окуучу билим алат. Мектептегилер түзгөн долбоор боюнча 250 орунга ылайыкташкан заманбап имаратка 65 млн сомдун тегерегиндеги акча керектелет.

Административдик жактан Ошко же Ноокатка бир жактуу карабаган Алмалыкта социалдык-инфраструктуралык көйгөйлөр арбын. Аларды чечүү эки ортодо калган айылда кечеңдеп келет.
Окуучуларга өзгөчө кырдаалга даяр туруу ыкмалары көп үйрөтүлөт
Aлар спорттук зал дегенди билбейт
Кыргызстандагы Булан институту (Bulan Institute for Peace Innovations) жакында эле авариялык мектептер боюнча изилдөө жыйынтыктарын жарыялады. Алардын бүтүмүндө, авариялык абалдагы билим берүү жайларынын көбү ашар ыкмасы менен курулганы айтылат. Мындай имарат 5-10 жылга жетпей жараксыз абалга келерин белгилеген Булан институнун башчысы Чолпон Орозбекова ашар жолу менен мектептерди курууга тыюу салуу керектигин айтат.

Билим берүү министрлигинин мурда жарыялаган маалыматында, учурда Кыргызстанда 12 мектептин абалы өзгөчө оор. Мындагы окуучулар клуб, бала бакча, чатыр, жеке үй сыяктуу имараттарда билим алып жатышат. Министрликтин басма сөз кызматына авариялык мектептер боюнча комментарий алуу үчүн кайрылганда, алар "биз мектеп курбайбыз" деген жооптон башканы айта алышкан жок.

Баса, боз үйдө окуп жаткан балдарды мындан үч жыл мурун Билим берүү министрлигинин эсине салганбыз. Анда берилген убадалар куру сөз боюнча калды.

Өлкөдөгү курулушу бүтпөгөн мектептер боюнча Өкмөт так маалымат бербей келет деп ЖК депутаттары да айтып чыккан.
Бул материал "Сорос-Кыргызстан" фондунун колдоосунда ишке ашып жаткан "Ынтымакта" мультимедиалык редакция түзүү" долбоорунун алкагында даярдалды.


Даярдагандар:
Журналист: Адина Досумбетова
Оператор: Заир Абдукеримов
Редактор: Мырзайым Жанибек кызы
Made on
Tilda