Кыргызстан бейишке айланып...
Президенттикке талапкерлер кандай убадаларды берип жатышат?
15-октябрда Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөт. Конституцияга ылайык, азыркы президент Алмазбек Атамбаев өнөктүккө катышпайт. Андыктан алдыңкы алды жылда КРны ким башкара турганын азыр эч ким айта албайт. Башында ажолукка 59 киши талапкер болду. Бирок алардын көпчүлүгү ар кайсы тепкичте иргелип отурду. 10-сентябрда талапкерлерди каттоо аяктады. Жыйынтыгында Борбордук шайлоо комиссиясы 13 кишини каттады. Андан бери ажолукка аттанган саясатчылар биригүү кадамдары тууралуу жарыялап жатышат, бирок эч бири өз талапкерлигин алуу боюнча Боршайкомго арыз таштай элек.
Президенттикке талапкерлер:
Сооранбай Жээнбеков

Ал президенттикке азыркы ажо Алмазбек Атамбаевдин партиясы КСДПдан аттанды. Акыркы кезде премьер-министр болуп турду.


Өмүрбек Бабанов

47 жаштагы Бабанов жаш, келечектүү саясатчылардын катарында бир нече жылдан бери жүрөт. Президенттикти эңсеген дымагын ал көптөн бери жашырбайт. Ийгиликтүү ишкер Бабанов саясаттагы жолун оппозициячы катары баштады.
Темир Сариев
Бул киши Кыргызстандын саясий олимпинде көптөн бери жүрөт. Жогорку Кеңештин депутаты да болду, оппозицияда да жүрдү, 2010-жылдагы убактылуу өкмөттүн курамында иштеди, 2015-жылы премьер-министрликке дайындалды.
Улукбек Кочкоров
V чакырылыштагы депутат, Баткендин кулуну. 2017-жылдын башынан азырга чейин "Жаңы доор" паритиясынын төрагасы.
Кочкоров – президентикке талапкерлердин эң жашы. Ал 43 жашта. Билими боюнча экономист.

Арстанбек Абдылдаев
Ат-Башы райондук керектөө союзунун сатуучусу 2011-жылы "зима не будет" деген жарыясы менен атактуу болуп чыга келди. "Ауридин" ЖЧКсына ээлик кылат. Ошондой эле "Эл үчүн" саясий партиясынын лидери. Ал 2011-жылы президенттике талапкер болуп, 0,46% добуш алган.





Азимбек Бекназаров
"Революция бульдозери". Ушундай лакап атты ал 2005- жана 2010-жылдагы революцияларга активдүү катышканы үчүн алды. Жогорку Кенештин депутаты жана "Асаба" партяисынын тең төрагасы болуп турган. Бирок Азимбек Анаркулович тилектештери менен бат эле урушуп кетип, опозиционерлердин катарына кошулган жайы бар.
Эрнис Зарлыков
Бишкектин мурдагы вице-мэри Эрнис Зарлыков кыргыз тили боюнча тесттен 60,16 упай алганы менен өзгөчөлөндү, бул эң начар көрсөткүч. Жакында 50гө чыгат, өмүр бою мэриянын түзүмүндө иштеген финансист. Бишкектин бюджети үчүн жооптуу болгон киши.
Адахан Мадумаров
Азыр "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери, Адахан Кимсанбаевич саясий карьерасын 1995-жылы Жогорку Кеңештин депутаты катары баштады. 2005-2007-жылдары КРнын вице-премьер-министри, мамлекеттик катчысы болуп турду, кийин депутат, спикер да болду.
Токтайым Үмүталиева

Президенттикке талапкер жалгыз аял. Шайлоодо тагдырын биринчи жолу сынап жаткан жок. "Жашасын Кыргызстан" партиясынын лидери, 55 жаштагы Үмүталиева көз карандысыз Кыргызстандын тарыхындагы эки революцияга тең катышкан.
Арсланбек Малиев
Жогорку Кеңештин үчүнчү чакырылышынын депутаты. 2007-жылы партиясыздардын "Аалам" партиясын түздү, азыр да бул саясий уюмдун лидери. Малиев 2012-жылы Кыргызстанды Кыргызжер деп атоо сунушун айтып, эл эсинде калган.
Таалатбек Масадыков
Таалатбек Шамудинович Масадыков коомчулукка анча белгилүү эмес. Токио университетинин профессору, филология илимдеринин кандидаты. Ал БУУ түзүлгөн 1945-жылдан бери Борбор Азия жана Кавказ аймагындагы өкүлдөрдөн БУУ тутумунда эң жогорку кызматка жеткен адис. Англис, пушту, адри тилдеринде эркин сүйлөйт.
Камчыбек Ташиев
каевдин маалында Ташиевдин парламентке келүүгө эки жолку аракети ийгиликсиз болду. Негизи Ташиевдин өмүр баянында чатактар көп. Ал өзгөчө жүрүм-туруму менен да белгилүү. Ал "бийликти күчтөп басып алуу", "конституциялык түзүмдү күч менен өзгөртүүгө чакырык таштоо" беренелери менен 1 жыл 5 айга эркинен ажыратылган. 2015-жылы сот Ташиевдин соттуулугун алып салды.
Бакыт Төрөбаев
Жаш жана келечектүү саясатчы деп эсептелинет. 44 жашка келип ал үч чакырылышта депутат болду. Бирөөсүндө Курманбек Бакиевдин "Ак жолу" менен Жогорку Кеңешке келди. Анча көп эмес убакытка өзгөчө кырдаалдар министри болуп иштеди. Анан айыл чарбасына ооп, өз партясын түптөдү.
Азырынча катталган талапкерлердин ичинен эки-үчөөсү гана үгүт иштерин активдүү жүргүзүп жатышат. Айрым талапкерлер программасын жарыялаша элек, платформаларын ачык булактарга чыгарышкан жок. Бирок талапкерлердин программаларында окшоштуктар көп экенин жана алар шайлоочуларга стратегиялык маанидеги эмес, социалдык, инфраструктуралык көйгөйлөрдү чечүү боюнча убада берип жатышканын саясат таануучулар белгилешет.
Коррупциясыз Кыргызстан
Темир Сариев
Калыс башкаруу, коррупция менен күрөшүү жана соттор

- Мамлекеттик башкаруу тармактары менен органдарына мыйзамды сактоону киргизүү жана тартипти орнотуу,
- Коррупция менен күрөшүү боюнча системалуу иш чараларды дайыма өткөрүп туруу,
- Коррупциялашкан бийлик мамлекеттик башкаруунун бийик сапаттарына жана мыйзамдын үстөмдүгүн камсыздоого кудуретсиз. Коррупциялашкан чиновник абакка отурат,
- Сот системасын жана күч органдарынын реформалоого багытталган комплекстүү чараларды көрүү,
- Укук коргоо органдары тармагынын иштерине антикоррупциялык көзөмөл жүргүзүүнүн эффективдүү системасын киргизүү,
- Акниет кызматкерлерди моралдык жана материалдык сыйлоонун, айлык чегерүүнүн жаңы системасын ишке киргизүү,
Сооронбай Жээнбеков
Коррупцияга каршы күрөшөм!


Алмазбек Атамбаев баштаган күрөштү улантам. Мына коррупцияга күрөш башталгандан бери жүздөгөн кылмыш иштери козголду, эл байлыгына кол салган киттер түрмөгө отургузулуп жатат.

Кызматына, даражасына карабастан, коррупцияга аралашкан ар бир адам жооп берүүгө тийиш.

Мен каерде кандай коррупциялык схемалар бар экенин билем, аларды ачыкка чыгаруу жолдорун да билем.

Мен президент болгондо өлкөдө паракорчулук түшүнүгү жоюлат.

Өмүрбек Бабанов
Мамлекеттии уурулардан тазалайбыз!

- Коррупция менен ууланган мамлекеттик органдарды жоюу;
- Коррупциялык операцияларга бөгөт коюу;
- Коррупциялык кылмыш үчүн 25 жылга эркинен ажыратуу;
- Коррупционерлерге - түрмө,коррупциялык схемаларды тамырынан жок кылуу;
- Коррупцияга жол ачуучу документтерди жокко чыгаруу
(айдоочунун күбөлүгү менен паспортун бир документке бириктирүү, медициналык китепчени (форма 86) жоюу, автомашинанын техпаспортун жоюу);
- Бизнести тынымсыз текшерүүгө тыюу салуу;
-Соттордун өкүмүнө таасир эткен чиновниктерди кызматтан бошотуу.



Жеткиликтүү насыя
Темир Сариев
- "Жаш үй-бүлөө" программасын ишке киргизүү. Жаңы бүлөө куруп жаткан жаштарга мамлекет тарабынан 5 жылга 100 000 сом өлчөмүндө насыя чегерүү;
- "Өз үй" программасын ишке киргизүү. Жаңы куралган үй-бүлөлөргө 5 жылдан ашык мөөнөт менен 500 миң сомдон көбүрөөк өлчөмдө насыя берүү;
- Фермерлерге күрөөсүз түрдө 300 000 сомго чейин насыяларды берүү.
Сооронбай Жээнбеков
Мен Өкмөттү жетектеп турганда айыл чарбасын кайра иштетүү тармагына берилчү кредиттин үстөк пайызын 6 пайызга чейин түшүрдүк. Бул тармакка Кыргыз-Орус фондунан 758 долбоорго 250 млн доллар каражат берилди. Ипотека насыянын пайызын 14төн 10 пайызга түшүрдүк. Эми 8 пайызга чейин түшүрүүгө шарт бар.
Өмүрбек Бабанов
- Кыргызстандыктарга турак-жай үчүн сом менен 9%дык ипотека берүү;
-Бизнести өнүктүрүүгө сом менен 6%дык кредит;
-Айыл-чарбасына сом менен 7%дык кредит

Пенсия, айлык 100% көтөрүлөт
Темир Сариев
- Өзүн өзү багууга мүмкүнчүлүгү жок, калктын аялуу катмарын жөлөк пособиясы менен камсыздоо жана анын үзгүлтүксүз болушуна кепилдик берүү;
- Мамлекеттик-жеке жактардын өнөктөштүк системасын пайдалануу аркылуу жалпы элге, анын ичинде майыптар жана аларды багуучуларга жеткиликтүү баадагы ыңгайлуу үйлөрдү куруу;
- Акырындап салттуу "балдар үйлөрүнөн" "көп балалуу үй-бүлөөлөр" системасына өтүп, багуусуз балдардын камкор, кайрымдуу эне-ата мээримине бөлөнүп тарбиялануусун камсыздоо.
- Пенсиялардын өлчөмүн эки эседен кем эмес өлчөмгө жогорулатуу.
- Мектеп мугалимдеринин айлык маяналарын 100 пайыздан кем эмес көбөйтүү;
- Медициналык тармактын кызматкерлеринин айлык маянасын 100 пайыздан кем эмес көбөйтүү.
Сооронбай Жээнбеков
Былтыр 115 мектеп менен бала бакчаларды, ооруканаларды, маданий объекттерди курдук. Ушул жылдын аягына чейин дагы 105 объект ишке берилет. Жыл соӊуна чейин 700дөн ашык мектеп интернетке кошулат. Быйыл Көл жээгиндеги "Асыл" пансионатын мугалимдерге, ал эми Максим Бакиев өзүнө салдырган "Витязь" пансионатын маданият кызматкерлерине бердим. Биз ар бир айылга, шаарлардын ичиндеги короолорго бирден спорт аянтчаны залы менен кошо салабыз. Врачтардын айлыгын көтөрөбүз. Мен премьерликтен кетип жатканда быйыл 1-октябрдан тарта пенсияны көтөрүү токтомуна кол койдум.
Өмүрбек Бабанов
Социалдык жактан камсыздоо жакшырат: -Пенсиянын орточо көлөмү көбөйөт. Пенсия менен эптеп күн көрбөй, толук кандуу жашоого жетерлик каржы бөлүнөт;

- Милициянын татыктуу айлык менен камсыз кылуу ишке ашат. Элдин эсебинен жашабай, элге кызмат кылуу зарыл;

- Медицина тармагына 11,8 млрд сом бөлүнүп, ал туура бөлүштүрүлөт: - Даректүү персоналдык медициналык жардам системасы киргизилет: - Медицина жаңы сапаттык деңгээлге чыгат.

Бабанов: коопсуз мамлекет долбоору түзүлөт:


- Мамлекеттин бүтүндөй укук коргоо саясатынын объектиси адам жана анын менчиги болуш керек:

- 100 түрдүү амал менен адамды темир торго салуу же анын менчигин тартып алуу коопсуздук камсыз кылуу эмес:

- Шаардын бардык булуң-бурчуна чейин видео камера орнотуу:

- Балдарды көчөгө чыгаруудан корпой жашоо:

- Кылмыштын ачылышына 10 күнгө чейин камсыз кылуу.


Сариев: коопсуздук, куралдуу күчтөр

- Мыйзамдуулуктун кынтыксыз сакталышына негизделип, ички жана тышкы коопсуздукка теңделген коопсуздук саясатын түзүү:

- Коопсуздук саясатынын башкы негизине жарандардын өмүрү, саламаттыгы жана руханияты сыяктуу маанилүү маселелерди жайгаштыруу:

- Кыргызстандын алдында турган коркунучтар жана чакырыктарга реалдуу каршы тура алган, заманбап шарттардын принцибинде куралдуу күчтөрдү түзүү:

- Глобалдуу жана аймактык коопсуздук коркунучтарына каршы эффективдүү аракеттенүүгө жол ачуу үчүн ОДКБга кирген мамлекеттер менен аскердик - саясий кызматташууну кеңейтүү жана чыңдоо.

Үгүт кербендери
Перизденттикке талапкерлер ушул тапта Кыргызстандын булуң-бурчун түрө кыдырып, өз кадамдары тууралуу баяндап, элдин суроолоруна жооп берип жатышат. Үгүт жүргүзүү жаатында эч бири жаңычылдык киргизген жок: ырчылар, куудулдар шайлоочуларды жолугушууга чогултуунун натыйжалуу ыкмасы бойдон калууда, даярдалган ак калпакчан аталар, ак элечекчен энелер колдоо сөздөрүн айтат. Албетте, тигил же бул талапкерди жарандык жоопкерчилиги менен колдоп келгендер да четтен табылат. Баса, бул жолу ажолукка аттангандардын тарапташтары бири-биринин жолугушууларынан кынтык таап, социалдык тармактарга байма-бай жарыялап жатышат.
Программасында Сооронбай Жээнбеков азыркы президент Алмазбек Атамбаев жасап жаткан иштер улантылары айтылат. Программада жасалчу иштерге караганда буга чейин аткарылган жумуштар тууралуу көбүрөөк сөз болот. "Президенттин күчү абдан чоӊ, ага таянбай туруп, өлкөдө реформаларды улантуу мүмкүн эмес. Кайсы бир бийлик бутагы конституциялык чегинен чыгып баратса, тизгиндеп туруу - Президенттин милдети. Президент реформалардын кепилдиги болсо, премьер алардын мотору болууга тийиш", - дейт Жээнбеков.

Өмүрбек Бабановдун программасы "Алдыга жол" деп аталып, беш багыттан турат:
- Эффективдүү мамлекеттик башкаруу, сапаттуу билим берүү, татыктуу медициналык тейлөө:
- Жашоо жана бизнес үчүн эң мыкты мамлекет: жемкорсуз, калыс жана көз карандысыз сот бийлиги:
- Ар бир адамдын коопсуздугу – мамлекеттин коопсуздугу:
- Эффективдүү тышкы саясат.

"Жеңишке бирге!" деген ураан менен чыккан Темир Сариевдин программасы президенттин башка мамлекеттик бийлик органдары менен тыгыз кызматташуусу менен өлкөдөгү саясий, экономикалык жана социалдык реформаларды ишке ашырууга багытталган деп айтылат. Анын платформасында президенттин миссиясы - укуктук, демократиялык мамлекетти өнүктүрүүгө, өлкөдөгү тынчтык менен стабилдүүлүктү сактоого арналат. Жаңы идеялардын ишке ашышын шарттайт.

Улукбек Кочкоровдун платформасындагы негизги аткарылчуу жумуштардын бири бюджет таңкыстыгын жоюу. Ал өлкөдө социалдык объектилерге муктаждыктар көп экенин айтып, баары каржынын жоктугуна келип такалып жатканын айтууда. Анын максаты бюджеттеги сумманы кеңейтип, билим берүү мекемелерин көбөйтүү.
"Өнүккөн заманда жашап жатып, боз үйдө окууган окуучулар бар экенин парламентте бир нече жолу көтөрүп чыктым. Бирок эч ким буга жооптуу болгусу келген жок. Абал ошол эле бойдон калып келе жатат. Мен билим берүү мекемелерин жакшыртууну колго алам",-деп белгилеген талапкер жолугушууларынын биринде.

Ишендире албаган убадалар
Талапкерлердин программаларында жазылган пландардын көбү өкмөттүн түздөн-түз аткарчу жумуштары деп баалайт серепчи Эркин Абдыразаков.
Талапкер Темир Сариевдин программасында президенттин миссиясы - укуктук, демократиялык мамлекетти өнүктүрүүгө, өлкөдөгү тынчтык менен стабилдүүлүктү сактоого арналат. Жаңы идеялардын ишке ашышын шарттайт.

Сариевдин максаты - мамлекеттин бүтүндүгүн сактоо. Улутуна, уруусуна, диний ишенимине, тилине жана башка белгилерине карабай элдин бүтүндүгү жана биримдигин сактап калуу башкы максаттарынын бири.

Эл аралык мамилелерди жакшыртып, дүйнө жүзү менен өнөктөштүк мамиледе болууга аракеттенет.


47 жаштагы Бабанов жаш, келечектүү саясатчылардын катарында бир нече жылдан бери жүрөт. Президенттикти эңсеген дымагын ал көптөн бери жашырбайт. Анын программасы беш баскыч менен ишке ашат. Эффективдүү мамлекеттик башкарууну орнотот. Сапаттуу билим берип, медициналык тейлөөнү жакшыртат.

Жашоого жана бизнес кылууга бардык шартты түзүп, көз карандысыз сот бийлигин орнотот.

Бабановдун башкы планы катары мамлекет менен жарандардын коопсуздугу. Тышкы саясатты жөнгө салууга бар аракетин жумшарын белгилеп келе жатат.


Сооронбай Жээнбеков азыркы президент Алмазбек Атамбаев баштаган команда ишке ашырып жаткан "Стратегия – 2040" программасын улантат. Ал буга чейин эмгек жолунда кайсы тармакта паракорчулук бар экенин аныктаган. Президент болсо ошол тармактарды катуу көзөмөлдөй турганын айтууда.

Ошондой эле мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү жөнөкөйлөштүрүү башкы максаты.

Жол оңдоо, суу чыгаруу - президенттин иши эмес

2016-жылы референдум өткөндөн кийин президенттин ыйгарым укуктарынын көбү өкмөткө өткөн. Бирок аны азыр эл жакшы түшүнө элек. Ошондуктан, бардык көйгөйдү президент чечет деген түшүнүк менен жашап келе жатышат. Бул боюнча серепчи Эркин Абдыразаков ой бөлүшүп, президенттикке талапкерлердин программасындагы жол оңдоо, айылдарды суу менен камсыз кылуу сыяктуу жумуштарды премьер-министр жасай турганын айтты.

"Айылдагы социалдык көйгөйлөрдү чечүү өкмөт аткара турган жумуштар. Азыркы талапкерлер президенттин биринчи жылында сот тармагын реформа кылам, экинчи жылы сапаттуу жол курам деген программалар менен ат салышып жатышат. Бирок мунун баары алардын ыйгарым укуктарына кирбейт. Ошол эле учурда бирөөнүн программасын улантуу да туура эмес",- деп белгилейт Абдыразаков.

Серепчи президент менен премьер-министрдин иш-милдеттери түпкүлүгүндө кандай болушу керектиги тууралуу да ой бөлүштү:


Эркин Абдыразаков
серепчи
Президенттин милдеттери:

- Президент тышкы саясатты бекемдеп, конституциялык гарант гана болуп бериш керек;

- Президенттик фонддон социалдык объектилерге акча бөлүү анын милдети эмес;

- Президент кадр саясатына аралашпайт;

-Коркунучтуу абал жаралып же өкмөттө саясий кризисс болгондо гана кадр саясатына кийлигишкенге укугу бар.

Өкмөт башчынын милдеттери:

- Чарбалык жумуштарды аткаруу;

- Өкмөт бюджет маселесине толук кандуу жооп берет;

-Керектүү стратегиялык багыт же өзгөчө абал жаралып кала турган болсо, Жогорку Кеңеш президент менен макулдашпастан эле премьер-министр чечим кабыл алганга укуктуу;

- Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн, министрлерди дайындоого мүмкүнчүлүгү бар;

Жергиликтүү бийликтердин ролун көтөрүү үчүн өзүнүн ыйгарым укуктарын жергиликтүү бийликтерге бергенге укуктуу.



"Бул программаны сактап коюңуз, президенттиктин 100 күнү өткөн соң, биздин өлкө кандай өзгөрүп жатканын өз көзүңүз менен көрөсүз!" - деп Өмүрбек Бабановдун программасында жазылган. Жаңы президенттин жүз, миң күнү да өтөт. Ынтымак Media Group cиздер менен чогуу убадалардын аткарылышына көз саллып турмакчы.
Маалыматты даярдоодо сүрөттөр "azattyk.org", "sputnik.kg" жана "knews.kg" сайттарынан алынды.
Материалды даярдагандар:

Журналист: Алтынай Балтабаева
Дизайнер: Адилжан Абидов
Монтажер: Заир Абдукеримов
Редактор: Мырзайым Жаныбек кызы



Made on
Tilda