Оштун "Кумтөрү"
Пайданын булагыбы же көйгөйбү?
Жергиликтүү тургундар Оштун таштанды талаасын тамашалап "Кумтөр" деп коюшат. Ал Кыргызстандагы ири алтын кениндей эле пайданын да, экологиялык көйгөйлөрдүн да булагы. Албетте, аларды көлөм жагын салыштырып болбойт, бирок полигондо да жарым кылымдан бери чечилбей келе жаткан көйгөйлөр бар. "Ынтымак Media Group" Ош шаарында таштандыны кайра иштетүү жана утилизациялоо иштери кандай жүрүп жатканын билип көрдү.
Оштун таштанды талаасында миллиондогон тонна чыгындылар жарым кылымдан ашык убакыттан бери жатат. Полигонго эң жакын үйлөрдүн аралышы бир чакырымга да жетпейт.
Жаңы конуштардын тургундары андан тараган жагымсыз жытты, жолбун иттерди, чымын-чиркейлерди айтып, арызданганы арызданган. Бирок бул көйгөйдүн толук тимеси эмес.
Көпчүлүк шаардыктар таштандынын экологияга келтирген зыяны тууралуу ойлонушпайт деле.
Ош шаарынын таштанды полигону 1950-жылдары түптөлүп, жалпы аянты 70 гектар деп айтылат. Ал Ош-Ноокат жолунун 7-чакырымында жайгашып, эл жашаган аймакка өтө жакын.

Жапалактыктар таштанды төгүлгөн полигонду жабуу талабын 1970-жылдардан бери эле айтып келишкени менен, жарым кылымдан ашык убакыттан бери чечилбей жатат. ДЭУ участкасындагы 300дөн ашык түтүн эл таштандынын жагымсыз жыты менен дем алып, өздөрү айткандай, чыгынды ташыган унааларды жуушкан каналдан суу ичишет. Анан күн сайын шамал учуруп келген жеңил таштандыларды тергенден да жадап бүтүшкөн.
Монускан Тойчиева
ДЭУ участогунун тургуну
Анарбек Бакбосунов
ДЭУ участогунун тургуну
Жергиликтүүлөрдү эң эле кооптондурганы - балдардын ден-соолугу. Алардын айтымдарында, көпчүлүк балдар сарык болушкан, мындан башка да жугуштуу оорулар жайылып жатат.

"90-жылдары айыл боюнча оору жайылып, үй-бүлөсү менен ооруканага жатып калган учурлар болгон. Сарык сыяктуу жугуштуу оорулар көп катталат. Таштандылардан чымындар келип, үйгө толуп алышат, жагымсыз жыт келет. Таштандыларды өрттөшөт, кечки саат жетиден кийин дем алуу өтө оор. Бийликке көп кайрылдык, жыйынтык болбой жатат. Болгону ай сайын таштанды талаасына дары чачып турушат",- дейт пенсионер Монускан Тойчиева.


ДЭУ участогунда сарык сыяктуу жугуштуу оорулардын өсүшү байкала элек. Анын үстүнө бул оорулар көбүрөөк жеке гигиенага байланыштуу. Бирок, таштанды полигону элдин ден-соолугуна терс таасирин тийгизбейт деп айтууга болбойт. Ал организмди акырындап уулай берет. Бул процесс кантип жана кандай этапта жүрүп жатканын биз атайын изилдөө жүргүзбөгөндөн кийин айта албайбыз".


Тамара Өсөрова, жергиликтүү ФАПтын башкы дарыгери
Ал арада "Ош-Тазалык" муниципалдык ишканасы маселени чечүүгө аракет көрүүдө. Мисалы, 2017-жылы жергиликтүү казынадан таштанды полигонун дезинфекция кылуу үчүн 800 миң сом бөлдүрүүгө жетишишти. Мунун эсебинен кызматкерлер айына 3 жолудан дезинфекциялоо иштерин алып бара башташты. А мурда залалсыздандыруу айына бир эле жолу жүргүзүшчү.


Иргелген чыгынды кайра эле бир үкөккө...
Жашоочулардын таштандыны иргөө аракетинен эмне өзгөрдү?
Каныбек Исабаев – Ош шаарындагы таштандыга байланышкан көйгөйлөрдү жакшы билген көп эмес адистердин бири. Ал донорлорду тартып, элге таштандыны иргөөдөн тарта полигонду изилдөө боюнча ири долбоорлорду ишке ашырган.

Анын жетекчилигинин астында 2012-жылы "Орхус" борбору Ош шаарынын кичи райондорунун биринде таштандыларды бөлүп таштоо боюнча пилоттук долбоор аткарган. Анда алар 8 аянтчага 54 таштанды үкөктөрүн орнотушкан. Ар бир короодо макулатура, айнек, металл үчүн өзүнчө, полиэтилен, пластмасса үчүн өзүнчө жана тамак-аш калдыктары үчүн өзүнчө үкөктөр орнотулду. Жашоочуларга болсо чыгындыны дароо үйдөн иргөө үчүн үчтөн челек берилди. Бирок күлкүлүү жери - өз-өзүнчө бөлүнгөн таштандыны атайын унаа чогуу салып эле жүктөп кетчү да, полигонго төгүп салчу. Ушинтип, долбоор максатына жетпей калганын Каныбек Исабаев мойнуна алат, бирок жашоочулардын экологиялык маданияты жогорулады дейт ал.

Каныбек Исабаев
"Орхус" борборунун директору
Каныбек Исабаев
"Орхус" борборунун директору
Жылдызбек Көчкөнов
"Ош-Тазалык" муницапалдык ишканасынын башчысынын орун басары
Ош шаарынын тургундары таштандыны иргөө тажрыйбасын алгач ирет колдонуп жатышат. 2012-жыл. Сүрөт: "Орхус" борбор
"Ош-Тазалык" муниципалдык ишканасынын башчысынын орун басары Жылдызбек Көчкөновдун айтымында, чыгындыны сорттоп ташууга эмес, аралаш чыгарып кетүүгө да техника жетишсиз. Таштанды ташуучу автоунаалар 24 саат бою, а кызматкерлер 2 нөөмөт менен күн-түн иштеп жатышат.
Таштандынын 1%ын кайра иштетүү жүздөгөн үй-бүлөнү багып жатат
"Орхус" борборунун эсеби боюнча, Ош шаарында катуу таштандылардын 1%ы эле кайра иштетүүгө барат. Бул – макулатура, металл буюмдар жана пластикалык таштандылар. Сырьёну жеке менчик цехтер кабыл алат. Азыр шаарда арматура чыгарган 3 завод, даарат кагазын чыгарган цех жана шаарга жакын Кара-Суу районунун Нариман айылында пластикалык бут кийимдерди чыгарган цех бар. Ортодо таштандыны кайра иштете боюнча ар кандай стартаптар деле болду, мисалы, пластиктен гүл идиштерин жасоочу, брусчатка даярдоочу ишканалар иштеди. Бирок ар кандай себептер менен алар жабылып калды.

Шаардык мэрия таштандыларды кайра иштетүүчү чоң инвесторду тарта алган жок. Анткени чет элдиктерди чыгынды көлөмүнүн аздыгы артка түртөт.
Жылдызбек Көчкөнов
"Ош-Тазалык" муниципалдык ишканасынын башчысынын орун басары
Таштандыдан кантип пайда таап жатышат?
Ош шаарында даарат кагазын чыгарган цех макулатуранын килограммын 5-6 сомдон сатып алат. Алар ай сайын 20 тоннадай сырье алышпаса, товар айлануу азайып кетиши мүмкүн.
Даарат кагаз чыгаруучу цех айына 20 тоннага чейин макулатура сатып алат
Кадыр Эргешов
Даарат кагаз чыгаруучу цехтин кызматкери
Лөлү аялдары күн сайын эрте менен шаардан 5 чакырым алыстыкта жайгашкан Жаңы-Кыштак айылынан "алтын" издегени таштанды полигонуна жөнөшөт
Ошто арматура чыгарган үч завод металлды кайра иштетет. Инвесторлордон басымдуусу Кытайдан келишкен. Шаарда темир ала турган бир канча пункттар бар. Айрым тургундар темирди тапшырууга көнүшкөн, бирок таштанды полигонунда деле мындай калдыктар аз эмес. Лөлү тектүүлөр темир-тезекти таштанды талаадан же дароо эле үй короолорундагы үкөктөрдөн чогултуп кетишет. Темир бул этникалык топ үчүн алтынга тете. Таштандылар дээрлик 400дөн ашык лөлү үй-бүлөлөрүнүн негизги кирешеси болуп эсептелет.
Тиричилик таштандылары айрымдар үчүн киреше эле эмес, чыгармачылык каражатына да айланды. Кол эмгек мугалими болуп иштеп жүргөн сүрөтчү Ахматбек Ашимов автоунаалардын эски дөңгөлөктөрүнөн кооз буюмдарды жасайт. Буга чейин ал Ош шаарындагы жана жакынкы айылдардагы 60тан ашык балдар бакчаларын кооздоп берген.

Ахматбек эски дөнгөлөктөрдү 5 сомдон сатып алып, кооздолуп жасалган даяр буюмдарды 120-300 сомдон сатат. Буйрутмалар аябай көп, а атаандаштык жаратчу дээрлик эч ким жок. Чыгармачылык жаатында атаандаштар болбогон менен, эски дөңгөлөктү кайра иштетчүлөр арбын. Мисалы, аны күнөскана, мончолорду жылытуу үчүн колдонушат.
Дөңгөлөктөрдү кайра иштетүү - Ашимовдордун үй-бүлөсүнүн негизги киреше булагы
Акматбек Ашимов, сүрөтчү
Ахматбек Ашимовдун иштери
Жаңы полигон бардык көйгөйлөрдү чече алабы?
Ош шаарынын мэриясы азыркы таштанды талаасын жаап, заманбап полигон круу планын 2012-жылдан бери эле айтып келет. Арадан 5 жыл өткөндөн кийин гана, быйыл жазда ЖК депутаттары Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан (ЕРӨБ) 10 млн 950 миң евро насыя алуу боюнча макулдашууну колдоп беришти.

Ош шаардык мэриясынын чарба, транспорт жана коммуникация бөлүмүнүн башчысы Урали Романовдун айтымында, ушул күндөрү донорлордун өкүлдөрү атайын техникаларды сатып алуунун жана тендер документтерин даярдоонун үстүндө иштеп жатышат. Бирок таштанды талаасы үчүн жер маселеси эмдигиче чечилбей турат.
"Ош шаарына караштуу аймактарда жер жок болуп атат. Ошондуктан, өкмөттүн кийлигишүүсү менен Кара-Суу районуна караштуу Шарк айыл өкмөтүнөн 29 гектар жер бөлүнө турган болуп жатат. Мэрия донорлор менен бирге Шарктын жетекчилиги, депутаттары менен 3 жылдай сүйлөшүү жүргүздүк. Бирок сүйлөшүүлөр жыйынтыктала электе жергиликтүү кеңешке жаңы депутаттар шайланып келишти. Эми бул маселени кайра башынан карап чыгууга туура келип атат. Өкмөт дагы жер участогун бөлүп берүү боюнча активдүү иштеп жатат, ошондуктан бул чечилчү маселе. Анын үстүнө долбоордо таштанды талаасын куруу кийинки жылга каралган. А азыркы таштанды полигону жабылып, экологиялык бардык талаптар менен кайра калыбына келтирүү иштерин жасайбыз. Ал аймак көрктөндүрүлөт. Бул иштерге долбоор алкагында акча каралган".
Урали Романов
Ош шаардык мэриясынын чарба, транспорт жана коммуникация бөлүмүнүн башчысы
Мэрия жаңы полигон курулса, таштандыга байланыштуу бардык көйгөйлөр чечилет деп ишендирет. Долбоор боюнча көп кабаттуу үйлөрдүн короолоруна жаңы таштанды үкөктөрү коюлат, чыгындылар жаңы техникалар менен өз убагында алынып турат, таштандыларды иргөө иштери башталат, сырьё кайра иштетүүгө кетет, биологиялык чыгындылар болсо экологиялык талаптар менен утилизация болот. Бирок ушунун баары айтылгандай ишке ашуусу үчүн ар бир шаар тургуну да жоопкерчилигин сезиши керек.

Эгер долбоор иштесе, экологиялык көйгөйлөр эле эмес, экономикалык маселелер да акырындап жолго коюлмак. Таштандыдан акча жасалып, шаардын казынасына түшмөк, бизнес да өзүнүн пайдасын көрмөк. Чыгындыны иргөө жайында жаңы жумуш орундары тузүлсө, азыр полигон аралап, "алтын" издегендер мыйзамдуу жана коопсуз жумушка орношмок.

Азыр шаардагы таштандыда канча акча жатканын мэрия да, эксперттер да айта алышпайт. Бирок Европанын тажрыйбасы көрсөткөндөй, кайра иштетүүдөн миллиондогон акчаларды тапса болот. Мындай ийгилик бир эле мэриянын аракетинен эмес, таштандыны бөлүп таштай баштаган ар бир шаардыктын үйүнөн башталат. Анан ошондо, мүмкүн ондогон жылдардан кийин, Оштун "Күмтөрү" бир гана киреше берүүчү булакка айланышы ыктымал.


Долбоорду даярдагандар:
Асанбек Каракозуев
Бектур Калыбек уулу
Нуржигит Чолпонбаев
Каныбек Жалалидин уулу
Адилжан Абидов
Мырзайым Жаныбек кызы
Кубанычбек Жусанов
Данияр Садиев

Бул материал Европа Биримдигинин колдоосунда даярдалды. Макаланын мазмуну үчүн Ынтымак Media Group жооптуу жана ал Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.

Made on
Tilda