КӨРҮНБӨГӨН БАЛДАР
Коомчулук башкаларга окшобогондорду ууландарып жатат.
Жаң окуу жылы башталды. Ош шаарындагы мектептер 60 миң окуучу үчүн кайрадан эшигин ачты. Бирок 100дөй бала үчүн ал каалга жабык.
Жүз баланын мектепке бара албай жатканына алардын ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгени себеп. Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын маалыматында, калаада 1000ден ашык мүмкүнчүлүгү чектелүү бала болсо, алардын ичинен 579 бала мектеп курагында. Жеткинчектердин 20%га же 100гө жакыны мектепке барбайт. Бул расмий сандар. Бейөкмөт уюм өкүлдөрү билим берүүгө тартылбай калган майып балдардын саны мындан бир топ эле көп экенин айтып келишет. Анткени адатта ата-энелер башкаларга окшобогон баласы үчүн намыстанып, маалыматты жашырышат.

Амантур (каармандын өтүнүчү менен аты өзгөртүлдү) азыр 16 жашта. Тубаса шал оорусу менен жабыркайт. Мектепте же үйдө да билим алган эмес. Өспүрүмдүн акылы тунук, кат-сабатын эле жойбой, болочокто дарыгер болсом деген кыялдары бар. Бирок ал кыялга карай кадам ташташына ата-энеси каршы.

"Мен сөзсүз дарыгер болушум керек. Баары бир мектепке окуйм. Билим алышыма ата-энем макул болбой жүрүп, 16 жашка чыгып калдым. Апам: "окуп эмне кыласың?!" деп койчу эле. Мага окшогон балдар деле окуп жатпайбы, кеч болсо да окусам дейм. Мектепти бүтүп, университетке окуйм деген тилектерим бар", - деп улутунат Амантур.

Өспүрүмдүн тагдыры Оштогу "Улыбка" коомдук фондунун кызматкерлери үймө-үй кыдырып, мүмкүнчүлүгү чектелүүлөрдүн билимге тартылышын изилдеп жүргөндө ачыкка чыккан. Уюм башчысы Эльмира Умарованын айтымында, азыр алар Амантурдун ата-энесине түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, мектепке жайгаштырууга аракет кылып жатышат.


"Тилекке каршы, ата-энелердин куру намысынан жана түшүнбөстүгүнөн улам кат-сабаты жоюлбай, үйдө отуруп калган жалгыз Амантур эмес. Билим албай калгандар абдан көп. Биз 10 жылдан бери ушул көйгөйдүн үстүндө иштеп, ата-энелерге түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз. Эми бир аз жылыштар бар. Ата-энелер коомдон тартынып эле балдарынын келечегине балта чаап коюшат".

Эльмира Умарова
"Улыбка" коомдук фондунун башчысы
33-берене:
Мамлекет ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын маалымат, билим алышы жана кесиптик жактан даярдалышы үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү кепилдигин берет.

Билим берүү мекемелери, социалдык жактан коргоо органдары жана саламаттык сактоо органдары менен бирдикте ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдардын мектепке чейин, мектептен тышкары тарбияланышын жана билим алышын, жалпы орто, башталгыч кесиптик, орто кесиптик жана жогорку кесиптик билим алышын жекече реабилитациялоо программасына ылайык камсыз кылышат.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды жана алардын балдарын мамлекеттик билим берүү мекемелеринде тарбиялоо, окутуу акысыз жана жаш курагы чектелбестен жүзөгө ашырылат.

Мамлекеттик эмес билим берүү мекемелери ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды окутуу үчүн төлөмдөргө жеңилдиктерди белгилөөгө укуктуу.
Эчтен көрө кеч
14 жаштагы Өмүргүл эми 1-классты аяктады
Өмүргүл апасы менен
Өмүргүл шал оорусунун эң оор түрү менен жабыркайт. Эки колу, сол буту таптакыр иштебейт. Акыл-эси жайында, өзү зирек. Бирок апасынын "кызым айыгып кетет" деген үзүлбөгөн үмүтү Өмүргүлдүн билим алуусун 7 жылга артка сүргөн.

14 жаштагы Өмүргүл быйыл 1-классты аяктады. Аты жөнүн жазып, сүрөт тартып калды деп апасы кубанат. Ал быйылкы окуу жылын да чыдамсыздык менен күттү

Өмүргүл бир буту менен сүрөт тартып, компьютерде иштей алат.
"Эне деген баласын майып дегиси келбейт экен да. Ана басып калат, мына басып калат деп жүрүп, 13 жыл өтүптүр. Акыры анан үйдө болсо да билим ала берсин деп чечтим. Ал быйыл 7-класс болушу керек эле. Бирок 1-классты аяктады. Окууга кызыгуусу жакшы, эжекесин ар дайым күтөт. Көпчүлүккө аралаштырып, мектепке алып баргым келет. Бирок кызыма кээ бир адамдардын таң калып караганы да оор тийет", - дейт Өмүргүлдүн апасы Азиза Сактанова.
Азиза эже кызынын сакайып кетеринен үмүттөнүп, 7 жылды текке кетиргенине өкүнөт
Коомчулуктан корунуп...
Рахматулла мектепке барып деле окуса болмок, бирок ата-энеси баласын кемсинтип коюшат деп тынчызданышат
Рахматулло
Рахматтулло Өмүрзаков быйыл сегизинчи класска көчтү. Башка балдардай мектеп партасын, классташтарды сагынуу сезими ага бейтааныш. Үйгө каттап окутчу Зарифахон эжекесин зарыгып күтөт. Бизди ээрчитип барган мугалимин көрүп, сүйүнүчүн жашырбады. Мугалим аны атайын программа боюнча окутат.
Азыр ал жазып, сүрөт тартып жана китеп окуганды билет. Келечекте мугалим болсом деп кыялданат.
Рахматтулло Өмүрзаков шал оорусу менен жабыркайт. Бирок өзү басып, айрым жумуштарды да жасай алат. Ал кадимки мектепке барып окуса деле болот. Бирок ата-энеси уулун башка окуучулар кемсинтип койбосун деп тынчсызданышат.
Бейөкмөт уюмдардын изилдөөсүнө ылайык, үйдө билим алып жаткан балдардын 50-60%ы мектепке барса болот. Бирок мындай балдарды ата-энелер үйдөн чыгарбай алып отурганды эп көрүшөт.

"Үйдө билим берүүнүн сапаты, натыйжасы жөнүндө биз көп тартышып келебиз. Аларды кантип окутуп жатышат, бала эмнени үйрөнүп жатат деп көзөмөлдөгөн киши жок. Экзамен алынбайт. Биз жөнөкөй эле тест жүргүзүп көрдүк. Балдардын билими өтө начар. Баласынын сапаттуу билим алышына, биринчиден, ата-эне кызыктар болушу керек. Учурда үйдө билим алып жаткан балдарды коомго аралаштырып, кадимки мектепке алып келсе да болмок. Мүмкүнчүлүгү чектелүү балдардын ата-энелери аларды көчөгө алып чыгуудан уялат. Ушундай жаман түшүнүктөн арылтуу үчүн биз 10 жылдан бери ата-энелерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келе жатабыз. Бирок таптакыр билим албай олтурган майып балдар да бар. Аларды көрүп, жок дегенде үйдө билим алууга макул болуп жаткан ата-энелерге ыраазы болосуң. Кээ бир ата-энелер такыр көнбөйт: "Балам кантип окумак эле, окуп эмне кылат? Бизге аралашпагыла! Өзүбүз билебиз!" - дегендер да жок эмес", - дейт Эльмира Умарова.

Эльмира Умарова
"Улыбка" коомдук фондунун директору
39-берене. Үйүндө тарбиялоо жана окутуу

Жалпы типтеги билим берүү мекемелеринде же атайын билим берүү мекемелеринде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды окутуу жана тарбиялоо мүмкүнчүлүгү болбогон учурда жана ата-энелеринин каалоолорун эске алуу менен тарбиялоо жана окутуу өз үйүндө жүргүзүлөт.

Мында ата-энесинин бирөөсүнө же аны алмаштырган адамга материалдык жактан камсыз кылуу жана жеңилдиктер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипте жана шарттарда берилет.

Билим берүүнү башкаруу органдары менен билим берүү уюмдары ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды жалпы билим берүү программасы же жекече программа боюнча өз үйүндө окутууну камсыз кылышат.

Тиешелүү билим берүү уюмдары ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдардын жашаган жериндеги үйүндө окутууда ата-энелерине жардам берет.

"Күн" кызы Разалия
Даун синдрому мектепте башкалар менен чогуу окууга тоскоол эмес
Розалия Даун синдрому менен жабыркайт. Башка балдар менен чогуу кадимки орто мектепте билим алат. Апасы Рамилия Дусаева дарыгерлердин айтуусу боюнча Розалияны атайын мектепке берген. Бирок ал жердеги атмосфера "күн кызына" жаккан эмес. Мүмкүнчүлүгү чечктелгендер окуган мектепке баруудан баш тарткан.

"Розалия кичинесинде биздин борборго келчү. Даун синдрому менен жабыркаган башка балдарга караганда анын өнүгүүсү жакшы. Буга ата-энесинин камкордугу, коомчулукка аралаштырганы себеп. Көпчүлүгү мындай балдарды окутпай, коомчулуктан алыс кылып, оорусун күчөтүп жиберишет", - дейт Ош шаардык мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды реабилитациялоо борборунун жетекчиси Зарифа Акматова.
Рамилия эже кызын майып дебей, кадимки балдардай мамиле кылат. 12 жаштагы Розалия үй жумуштарына өзгөчө кызыгат. Келечекте ашпозчу болууну кыялданат. Апасы Рамилия кызы үчүн эч кандай "жеңилдиктерди" бербейт. Анткени Розалия болочокто өз алдынча жашай алышы керек.

"Кызымын эмнеге жөндөмдүү, эмнеге кызыгаары тууралуу изденем. Өзү ашпозчу болоюн деп атат. Атайын ашпозчунун формасын тиктирип бердим. Менин көмөгүм - кызымын каалоосун колдоо. Ал эми аны ооруйт деп иш кылдырбай койбойм. Мага кызым өзүнүн кесибин тандап алуусу керек", - деди Рамилия Дусаева.
Розалия дене тарбия жана сүрөт сабактарын өзгөчө жактырат. Классташтары Розалия үчүн жагымдуу атмосфера түзүүгө аракеттенишет.
Ош шаарындагы мектептердин 40%га жакынында гана инклюзивдик билим берүүгө шарттар каралган. Азыр 360ка жакын мүмкүнчүлүгү чектелген окуучу жалпы билим берүүчү мектептерде окуйт. Билим берүү башкармалыгынын өкүлдөрү майып балдарын окутууга кайрылган ата-энелердин баарынын өтүнүчүн аткарып жатабыз дегени менен мектептерде мугалимдер мындай балдарды окутууга даяр эместей. Анткени жалпы билим берүүчү мектептерде мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар менен иштеше турган атайын адис жок.
Мүмкүнчүлүгү чектелүү балдардын билим алуусу сандарда
Ош шаарында инклюзивдик билим берүүнү жайылтуу боюнча көп жылдардан бери иш алып барган "Смайл.кж" деген коомдук фонду бар. Уюм жакында эле "Эртең мектепке!" аттуу долбоорун ийгиликтүү жыйынтыктады. Анын алкагында 2015-жылы калаадагы реабилитациялык борбордо мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарды мектепке даярдоо классы ачылды. Мында атайын даярдыктан өткөн мугалим өзгөчө балдарды мектепке даярдайт, окуп жаткан балдарга кошумча сабактарды өтөт.

Бул аралыкта атайын класска төрт тайпага ондон 40 бала кабыл алынды. Алардын ичинен 10 бала мектепте билим алууга жөндөмү жетери аныкталып, даярдыктан өтүштү. Ошентип, 2016-жылы Ош шаарында беш, Кара-Суу районунда беш жеткинчекти мектептерге киргизишкен.

Мындан сырткары реабилитациялык борбордо дарыланып жаткан 200дөн ашык бала да билим алып жатты. Азыр долбоор аяктады, бирок даярдоо классы жабылып калган жок. Бир мугалимге мамлекеттен айлык каралып, өзгөчө муктаждыктагы балдарды окутуу уланууда.
"Эртең мектепке" долбоорунун алкагында окууга тартылган балдар
"Биз балдарды окутуп, анан Ош шаары, Кара-Суу райондагы мектептерге киргиздик. Бул кыйын болду, анткени мугалимдер: "биздин мектепте буга чейин мындай бала окуган эмес, кантип окутабыз?" деп коркуу менен кабыл алышты. Бирок инклюзивдик билим берүү - азыркы күндүн талабы. Биздин балдар окуган мектептерге барып, мугалимдерге "Боорукердик"сабактарын өттүк, мында аларга мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар билим алууга укуктуу экенин, коомдук толук кандуу мүчөсү экенин түшүндүрүп, өзгөчө балдарга кандай мамиле жасоо керектиги тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Мугалимдер бизден укканын окуучуларга тарбиялык сааттарда айтып берип жатышты".

Тазагүл Сагымбаева
"Эртең мектепке" долбоорунун мугалими
Саера өз алдынча баса албайт. Мектепке атасы атайын жасап берген велосипедде апасынын коштоосунда барат. Ден соолугунан чектелген мүмкүнчүлүктү окууга болгон каалоосу жеңип кетти.
Руслан Мусабаев 1-классты эң мыкты деген баалар менен аяктаган. Кыймыл жасоодо кыйынчылык болгон үчүн баланы чоң энеси дайым коштоп жүрөт. Энеси менен эрте менен мектепке, түштөн кийин калыбына келтирүү борборуна катташат.
Лариса Кузнецова

"Смайл.кж" коомдук фондунун башчысы
"Ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер деле башка балдардай билим алууга укуктуу. Мындан улам мектептерде инклюзивдүү билим берүүнү жакшыртуу керек. Анын алгачкы кадамдары катары окуучулар үчүн пандустарды орнотуу зарыл. Биз эмне үчүн майып балдар башка балдар сыяктуу эле мектепте окусун деп жатабыз, анткени балдардын укуктары жөнүндө жана майыптардын укуктары тууралуу Конвенциялар, Кыргызстандын мыйзамдары балдардын баары мектепте билим алууга укугу бар экенин билдирет. Экинчиден, майып балдар башка балдар менен чогуу окуу, ырдоо, ойноо аркылуу өсөт. Алар менен кошо алар кадимки жашоого адаптацияланат".
Билим берүү министрлигинин планы боюнча 2020-жылга барып Кыргызстанда бардык мектептер инклюзивдик билим берүүгө даяр болуп, мүмкүнчүлүгү чектелүүлөрдү билимге тартуу жогорулашы керек. Азыр бул жаатта эл аралык донорлор меннен бир катар долбоорлор ишке ашып жатат. Бирок аймактарда, анын ичинде Ош шаарында эски мектептердин көптүгү маселени чечүүгө көбүрөөк кедергисин тийгизүүдө.

Инклюзивдик билим берүүнү жанданттууга инфраструктуралык шарт гана эмес, мугалимдердин майып балдарды окутууга психологиялык, профессионалдык жактан даяр эместиги таасирин тийгизет, - дешет бейөкмөт уюмдун өкүлдөрү. Азыр майып балдарды катардагы эле мугалимдер окутуп жатат.
Салтанат Жүдөшова

Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын усулчусу
"Чынын айтканда, инклюзивдик билим берүүгө мектептердеги материалдык, техникалык база жетишсиз. Ар бир мектепти пандус курууга милдеттендирген менен, анын ичине шарт жаратуу ишке ашпай келет. Анткени мектептер эски, курулуп жатканда эске алынган эмес. Мисалы, класстарга араба менен кирип чыгуу, окуу куралдары, атайын ажаткана сыяктуу ыңгайлуу чөйрө жаратуу мурун курулган мектептерде жок. Ал эми жаңыдан курулуп жаткандарында сөсүз түрдө мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга ыңгайлуу шарттар каралып жатат.

Мугалимдердин даярдыгы боюнча айта турган болсом, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга кандай мамиле жасашы керек, кантип билим берүү керектиги боюнча атайын окуулардан өтүп турушат. Бирок өзүнчө мугалим каралган эмес. Жалпы билим берүүчү мугалимдер эле окутуп келет. Үйлөрүнө барып окуткан педагогдор дагы башкармалык тарабынан көзөмөлдөнүп турат", - дейт Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын усулчусу Салтанат Жүдөшөва.
Кыргызстанда инклюзивдик билим берүүнү ишке киргизүү боюнча алгачкы аракеттер 90-жылдардын орто ченинде башталды. Ага чейин совет доорунда мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар обочо кармалып, атайын көмөк мектептери, интернаттарда билим алышчу.

Инклюзивдик билим берүү укук жана мүмкүнчүлүктөрдүн теңдигине негизделген: биз ар кандайбыз, бирок ар бир адам баарлашууга, аны башкалар угушуна укугу бар. Атайын мектептерде билим алуу мындай укуктарды чектейт, жабык дүйнөнүн чыныгы турмуштан айырмасы чоң болгон үчүн мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарды коомго аралашып кетишине кедергисин тийгизет. Бардык балдардын чогуу билим алышы майыптарга гана эмес, дени сак жеткинчектерге да пайдалуу, анткени алар бала кезден эле гумандуулукка тарбияланып, өзгөчө муктаждыктарга туура көз караш калыптанат, - дешет эксперттер.

Кыргызстанда 18 жашка чейинки мүмкүнчүлүгү чектелүү балдардын саны 27 миңге чамалайт. Алардын 4 миңдейи кадимки мектептерде, 2 миңдейи бала бакчаларга барышат. Дагы 1,5 миң бала атайын мектептерде билим алат.

Даярдагандар:
Материалда "Улыбка", "Смайл.кж" коомдук фонддорунун сүрөттөрү колдонулду.

Материал Интерньюс-Кыргызстан жана "Клооп Медианын" колдоосунда "Борбор Азиядагы көз карандысыз ММКларды өнүктүрүү" долбоорунун алкагында даярдалды.
Made on
Tilda