ПРЕЗИДЕНТТЕР
Кыргызстанда ушул жылдын 15-октябрында президенттик шайлоо өтөт. Эгемендүүлүктүн 26 жылында өлкөдө жети жолу президенттик шайлоо өтүп, мамлекетти төрт адам башкарды. Сегизинчи шайлоону утурлай "Ынтымак" төрт президенттин жасаган иштери, үй-бүлөсү тууралуу маалыматтарды чогултту.
Аскар
Акаев

Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаев 1944-жылы 10-ноябрда Кемин өрөөнүндөгү (азыркы Чүй облусу) Кызыл-Байрак айылында туулган. Кесиби - математик-физик. 1990-жылы октябрда КРнын президенти болуп шайланган. 1995-жылы экинчи мөөнөткө кайра келет. Мунусунда шайлоочулардын 70 пайыздан ашууну Акаевди колдошту.
Курманбек Бакиев

Курманбек Бакиев 1949-жылы 1-августта Жалал-Абад облусунун Сузак районунда төрөлгөн. Кесиби инженер-электрик.
Бийликке 2005-жылдын 24-мартындагы ыңкылаптан кийин келген. 2009-жылы 23-августта шайлоочулардын 80%дан ашыгынын добушу менен экинчи мөөнөткө ажолук тактыга отурган.

Роза
Отунбаева

Роза Отунбаева 1950-жылы 23-августта Ош шаарында туулган. Москва мамлекеттик университетинин философия факультетин 1975-жылы окуп бүткөн. 2010-жылдын июлунан 2011-жылдын декабрына чейин Кыргызстандын Убактылуу өкмөтүн жетектеп келди. Отунбаева азырынча өлкөнүн жалгыз экс-президенти.
Алмазбек Атамбаев

Алмазбек Атамбаев Аламүдүн районуна караштуу Арашан айылында 1956-жылы 17-сентябрда туулган. Кесиби боюнча инженер-экономист, өндүрүштү башкарууну уюштуруучу. Атамбаев Кыргызстандын учурдагы президенти. Бийликке 2011-жылдын 1-декабрында келген.
Саясатка карай жол...
Аскар Акаев
Коомчулукта Аскар Акаевдин президент болушуна жазуучу Чынгыз Айтматовдун салымы бар деген пикирлер айтылып жүрөт. Бирок ошол учурдагы БШКнын төрагасы Сулайман Иманбаев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып: "Чынгыз Айтматов Ошто жыйын өткөрүп, Акаевдин талапкерлигин көрсөткөн" деген кепти четке каккан. Ал Кыргызстандын туңгуч президенттигине талапкерди өзү сунуштагынын белгилеп, бирок аны Акаев билбесе керек деп эскерет.
Курманбек Бакиев
1970-жылы Куйбышевдеги Масленников атындагы заводдо жумушчу катары эмгек жолун баштаган Курманбек Бакиев 2002-жылы (айтылуу Аксы окуяларынын маалында) өкмөт башчы болгон. 2005-жылы 24-мартта элдик ыңкылап ишке ашып, ошол элдик ыңкылапты жетектеген лидер К. Бакиевди Кыргызстандын эли президенттикке көрсөтүшкөн.
Ал эми 2005-жылдын 14-августунда жалпы элдик шайлоодо 88,72%дан ашык добуш менен К.Бакиев президенттикке шайланып, мамлекет башчысынын ыйгарым укуктарын аткарууга расмий түрдө киришкен.

Роза Отунбаева
Кыргыз мамлекеттик университетинде окутуучу болуп иштеп эмгек чыйырын баштаган. 1989-жылы СССРдин Тышкы иштер министрлигине ишке чакырылып, ЮНЕСКО иштери боюнча комиссиянын жооптуу катчысы, андан кийин төрайымы болуп иштеген. Кыргызстан эгемендик алгандан кийин 1992-жылы Роза Отунбаева Бишкекке кайтып, тышкы саясат боюнча вице-премьер-министр, Кыргызстандын АКШдагы жана Канададагы биринчи элчиси болгон. 1994-97-жылдары Кыргызстандын Тышкы иштер министри, андан кийин Улуу Британияда элчи, БУУнун Башкы катчысынын Грузиядагы атайын өкүлү болгон. 2005-жылы март революциясында А. Акаев белгилегендей, оппозициянын локомотиви болгон. Парламент тышкы иштер министри кызматына өткөзбөй койгондон кийин социал-демократиялык партиянын тизмеси менен Жогорку Кеңешке депутат болуп келген. 2009-жылы Бакиевге каршы көтөрүлгөн оппозициялык күчтөрдүн башында туруп, 7-апрелден кийин Убактылуу өкмөттү жетектеп келди.
Алмазбек Атамбаев
Эмгек жолун 1980-жылы Кыргыз ССРинин байланыш министрлигинде инженер болуп иштөө менен баштаган. 1995–2000-жылдар аралыгында Жогорку Кеңештин эл өкүлдөр жыйынынын депутаты болуп шайланган.

2000-жылы президенттикке талапкерлигин көрсөтүп, өтпөй калган. Бирок Атамбаевге министрлик орундар катары менен эшигин ачат. 2005-жылдын сентябрынан 2006-жылдын апрелине чейин өнөр жай, соода жана туризм министри болгон. 2007-жылдын мартына чейин премьер-министр болуп дайындалат. Өкмөт башчылык орунда көп деле олтурбайт. Жыл айланбай жатып, декабрь айында премьерлик креслону бошоткон. Кайра үч жылдан соң, 2010-жылы өкмөт башчылыкка кайра келет. Аталган кызматта 2011-жылдын декабрына чейин туптуура бир жыл олтурган.
АНТ БЕРЕМ...
Президенттер эмнеси менен эл эсинде калышты?
Саясат таануучу, тарыхчы Жолдошбек Бөтөнөев менен бирге ажолордун эл-жерине тийгизген пайда-зыяны, коомдо талкуу жараткан аракеттерин тизмектедик.
Аскар Акаев
Эгемен мамлекеттин пайдубалын түптөдү
Аскар Акаев мурдагы совет өлкөлөрүнүн ичинен биринчилерден болуп улуттук валюта - сомду жүгүртүүгө киргизди. 80ден ашык өлкөлөр менен дипломатиялык алаканы жолго койду.
Демократия институтун киргизди
Кыргызстан - Борбор Азиядагы демократиялык аралча деген атка жетишти. Аскар Акаев кошуна мамлекеттерге караганда жумшак режим курду. Эл аралык коомчулуктун пикири менен эсептешчү.
Үй-бүлөлүк башкаруу
Акаев бул азгырыктан кача албады. Жакындары бийликке аралашкандан сырткары ал Конституцияны тынбай өзгөртүп, 2000-жылы мамлекетти башкаруу укугу бүткөнүнө карабай, бийликте калды. Мунун аягы жакшы болгон жок.
Аксы окуясы
2002-жылдагы Аксы окуясына азырга чейин тарыхый баа бериле элек. Айрымдар бул окуя Кыргызстандын мындан кийинки турмушунда чечүүчү саясий бурулуштардын башаты катары сыпаттаса, дагы башкалары окуя тыкыр изилденип, сот процесстери аягына чыкпай калганына нааразы. Кандай болгон күндө да Аскар Акаев Конституциянын гаранты болгон президент катары алты кишинин каны төгүлүшүнө жол бербеши керек эле дешет.
Үзөңгү-Кууш
Үзөңгү-Кууштун Кытайга өтүшүнө Аскар Акаевди жана бул маселени колдоп добуш берген депутаттарды коомчулук ушул күнгө чейин сындап келет. Акаев өзү болсо мындан Кытай эмес, Кыргызстан утканын белгилейт. Анын айтымында бул аймак СССР мезгилинде эле талаштуу, такталбаган деп белгиленген. "Кыргызстан эгемендик алгандан кийин ал тилкенин 30%ы Кытайга, 70%ы Кыргызстанга, болгондо да Хан-Теңири чокусу бизде калды. Бул чоң жеңиш! Эгер Үзөңгү-Кууш 100% Кыргызстандыкы десек, анда Кытайга согуш ачкан менен барабар болмок", - дейт Аскар Акаев.
Менчиктештирүү доору
"Аскар Акаев атамекендик өндүрүштү талкалады", - дейт тарыхчы Жолдошбек Бөтөнөев. Менчиктештирүү, жер реформасы түпкүлүгүндө жакшы идея болгон. Мунусу үчүн Акаевди Батыштын серепчилери да мактаган жайы бар. Бирок приватизация процессинен чоңдор гана пайда көрдү. Союз мелгилиндеги завод-фабрикаларды конуша өлкөлөр сактап калган менен Кыргызстанда баары талкаланды.
Курманбек Бакиев
Үй-бүлөлүк башкаруу күч алды
Курманбек Бакиевиевдин бир туугандарынан сырткары уулу Максим чечүүчү кызматты колго алды. Президент өз жарлыгы менен уулу Максим Бакиевди Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттигинин жетекчиси кызматына дайындады.
Өлкөгө инвестиция тартты
- Камбар-Ата ГЭСин курду
- Окуучулардан акча чогултуу жокко чыгып, китептер бекер берилип калды;
- окуучуларга тамак берүүнү ишке ашырды.
Чуулгандуу киши өлтүрүүлөр
- бийлик менен крим чөйрөнүн аралашып кетүүсү;
- журналисттерди куугунтуктоо. Алишер Саипов, Генадий Павлюктун өлтүрүлүшү, бир катар журналисттерге кол салуулар Бакиведин тушунда орун алды.
Кымбатчылык
Электр энергиясы менен мобилдик байланыш баасы кескин кымбаттады. Кийин Бакиевдин бийликтен кулатылышында ушул фактор негизги ролду ойноду.
Роза Отунбаева
Алгачкы экс-президент
- бийлик олку-солку болуп турган кезде, өзүнүн лидерлигин көрсөтүп, мамлекетти башкара алды.
- ал Кыргызстандын тарыхындагы алгачкы экс-президент жана Борбор Азиядагы алгачкы аял президент.
Июнь окуясы
2010-жылдагы июнь окуясын алдын албаганы үчүн Роза Отунбаевага сын айтып келишет. Муну жөнөкөй эл эмес, салмактуу саясатчылар белгилеген жайы бар. Чекисттер айрым сепаратисттик маанайдагы топ жаңжал чыгарууга белсенип жатканын Отунбаевага тогуз жолу айткан дешет. Ошондой эле ал Алмазбек Атамбаев менен чогуу Кадыржан Батыров менен жолукканы айтылат. Июнь окуясынын өзу жакшылап баасын албагандай эле, Отунбаева тууралуу бул кептер да айтылып эле тим болду.
Ачык-айкындуулукту камсыздоо аракети
-КМШ өлкөлөрүнүн арасынан мамлекеттик телеканалды коомдук форматка өткөздү.
- ачык-айкындуулукту камсыздоо максатында байкоочу кеңештерди түздү
Алмазбек Атамбаев
Стратегиялык курулуштарды ишке ашырды
Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүндөгү жогорку чыңалуудагы электр зымдарын туташтырган "Датка-Кемин" линиясы Атамбаевдин тушунда ишке киргизилди
- түндүк-түштүк альтернативалык жолунун курулушун баштады
- жаштарды саясатка тартуу жанданды
Байкап-байкабай сүйлөп...
- коомдук пикирлеге таянсак, Атамбаевдин байкап-байкабай сүйлөп алганы чоң ката катары эсептелип келет;
- "Кайран элим, кайда баратабыз?" деген чакырык менен хиджабга каршы чыкты;
- адам өмүрүн алган ири табигый кырсыктар, авиакырсык болгон учурда президент жерине барып, жабыркагандарга көңүл айта албады;

Мораторийге карабай өткөн референдум
Кыргызстандын Конституциясын өзгөртүүгө 2020-жылга чейин мораторий киргизилгенине карабай, Алмазбек Атамбаев Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум өткөрдү.
Чуулгандуу камакка алуулар
- коррупцияга каршы күрөшүүнүн алкагында чуулгандуу камакка алуулар орун алып жатат. Акыркысы эле оппозициячы Өмүрбек Текебаевдин камалышы. Укук коргоочулар, жарандык активисттер прокурор-соттор бийликтен көз карандык чечим кабыл алышарын айтып жатышат.
Өлкө ЕАЭБге мүчө болду
- Бул экономикалык биримдикке мүчө болуу менен Кыргызстандын экспортко чыгышы жана Орусиядагы мигранттардын турмушу жеңилдегени артыкчылык катары айтылат. Азырынча ЕАЭБге кирүүнүн өзү канчалык туура болгону дале талкуудан түшө элек.
Сөз эркиндигине басым
- Алмазбек Атамбаевдин беделине шек келтирди деген негизде бир нече ЖМК өкүлдөрү миллиондогон доого жыгылды. Эл аралык уюмдардын акыркы отчетунда Коомдук биринчи канал бийликчил бир партияга гана кызмат кылып калганы, коомдук эң маанилүү окуялар бир тараптуу чагылдырылышы сындалды.

Алар Конституцияны кантип өзгөртүшкөн?
Президенттике келгендин ар бири Конституцияны өзгөртмөйүнчө кете албады. Апрель окуяларынан кийинки референдумда Баш мыйзамдын 2020-жылга чейин өзгөрүлбөсүн шарттаган мораторий жарыяланган эле. Бирок Алмазбек Атамбаев белгиленген убакытка чейин Конституцияга тийишпей кое алган жок.
Аскар Акаев маалында Конституция беш жолу алмашты. Конституциялык кеңешмеге саясатчылар Өмүрбек Текебаев менен Данияр Нарымбаев кирген. Баш мыйзамдын өзгөрүүсү менен президенттин ыйгарым укуктары көбөйө берди. Түзөтүү биринчи жолу 1994-жылы 22-октябрда киргизилип, анда өлкөнүн Баш мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөр жана жаңы мыйзамдар мындан ары референдум аркылуу гана кабыл алынаары жазылган.


Конституция экинчи жолу 1996-жылы 10-февралда өзгөрүүгө дуушар болот. Анын негизинде өкмөт иш жүзүндө президентке баш ийип калган. Ага чейин парламент өкмөттүн баарын иштен кетире алган эмес, премьер-министрге ишенимден баш тартуу вотумун гана жарыялай алчу. Жаңы Конституция - өкмөт иштен алынса, мүчөлөрү да жумуштан кетиши керектигин шарттаган. Ошондой эле президент министрлерди жана жергиликтүү администрация өкүлдөрүн дайындоого укук алган. Президенттин ыйгарым укуктары күчөтүлөт да, парламент президентти кетирүү маселесин карай алганы менен анын чечимдерине таасир эте албай калды. А президент болсо өз кезегинде парламентти таратып жибере ала турган укукка ээ болду.

1998-жылдын 17-октябрындагы өзгөртүүдө негизги пункт – жеке менчик маселеси болду. Баш мыйзамга жер жеке менчик болушу мүмкүндүгү, аны мамлекет коргошу зарылдыгы жазылды. Ошондой эле Кыргызстандын кен байлыктарын, ресурстарын, флорасы менен фаунасын коргоо мамлекетке милдеттендирили. Депутаттыкка талапкерлигин көрсөткөн жарандын жаш курагы 25тен жогору болуусу, ал эл өкүлү болуп шайлангыча Кыргызстанда 5 жылдан кем эмес жашашы керек деген талап жокко чыкты. Сөз эркиндигин чектеген мыйзам кабыл алууга жол бербей турган түзөтүү кирди.

Ар эки жылда өзгөрүүгө дуушар болгон Конституцияга кезектеги түзөтүү – 2001-жылдын 24-декабрында киргизилип, ал тилдерге тиешелүү болду. Кыргыз тили мемлекеттик, орус тили расмий тил деген макам алып, аз улуттардын эне тилин сактап калуусуна укук берилди.

Баш мыйзамга 2003-жылдын 18-февралында 8 пункттан турган түзөтүү кирди. Алар мамлекеттин өзүнө, жарандардын өз укуктары менен эркиндигине, президенттик бийликке, депуттардын ыйгарым укуктарына, прокуратурага жана сотторго тиешелүү болду.

Президенттикке экиден көп жолу шайланууга мүмкүнчүлүк берилип, Акаев дагы бир жолу мамлекет башчы болууга укук алды.

Эми президентке өкмөттүн түзүмүн аныктап, премьер-министрди Улуттук коопсуздук кызматынын башчысын дайындап же кызматтан алып салууга жол ачылды. Прокурордун, соттордун жана Улуттук банктын төрагасын дайындоо президенттен көз каранды болуп калды. 2003-жылдагы өзгөртүүдөн соң Аскар Акаев бийликти узурпациялоо тууралуу дооматка кабылды.


Курманбек Бакиев Конституцияны Акаевдей өзгөртө алган жок. 2006-жылдын ноябры менен декабрында Аскар Акаев бийликтен кулагандан кийин Конституциянын эки варианты кабыл алынды. Бирок экөө тең 2007-жылдын сентябрында күчүн жоготкон. Кайрадан 2003-жылы редакцияланган Баш мыйзам күчүнө кирет.

2007-жылдын 23-октябрында Курманбек Бакиев президент болуп турган кезде 1993-жылдагы, бирок жаңыдан редакцияланган үлгүдөгү Конституция кабыл алынган. Анын долбоорун Данияр Нарымбаев даярдаган. Ага ылайык, президент беш жылга шайланып, талапкерлигин эки мөөнөттөн ашык кое албай турган болуп калат. Ал эми парламентке болсо партиялык тизме менен гана өтүү мүмкүндүгү жазылат.

2010-жылдын 17-июнунда Бакиевдик бийлик кулагандан кийинки өткөөл мезгилде өлкөнүн башкаруусу президенттик формадан парламенттик формага өзгөртүлдү. Жаңы Баш мыйзамга президент Роза Отунбаева кол коет.

Андан кийин президент алты жылдык мөөнөткө бир гана жолу шайланууга укуктуу болуп калат. Депутаттардын саны көбөйгөнү менен диний жана улуттук негиздеги партиялардын түзүлүшүнө тыюу салынды.

Адам укуктарына көп көңүл бурулуп, өлүм жазасына мораторий киргизилди. Европа кеңешинин Венеция комиссиясы ал тургай Кыргызстандын Конституциясынын долбоору "мактоого татыйт" деген токтом чыгарды. Жаңы Концтитуцияны кабыл алып жатып, 2020-жылга чейин аны өзгөртүүгө болбойт деп мароторий киргизилген эле.

Кезектеги президенттин Баш мыйзамды өзгөртүү укугу жок эле. Бирок Алмазбек Атамбаевдин Конституцияны өзгөртүүгө болгон каалоосуна мораторий тоскоол боло алган жок.

2016-жылдын 11-декабрында референдум өткөрүлүп, Конституция өзгөртүүгө дуушар болду.

Андагы өзгөрүүлөргө ылайык, Кыргызстан адам укуктары жаатындагы эл аралык келишимдердин өлкө мыйзамына кылган үстөмдүгүнөн баш тартты. Бийлик террорчулук боюнча шек санаган адамын жарандыктан ажыратууга укук алды.

Премьер-министрдин ыйгарым укуктары ал бир эле учурда парламент депутаты боло алгандыгы менен күчөтүлдү. Азыр өкмөт парламентке отчет берип, ал аны кызматтан кетирүүгө укугу бар.

Эми өкмөт башчы парламент өкүлү да боло алгандыктан, ал депутаттардын чечимине таасир эте алат. Эгер өкмөт кызматтан алынса, мурдагыдай эле депутат болуп кала алат.

Баш мыйзамда президент менен парламент өкүлдөрү соттордун иш-аракетин карай турган тартип комиссиясына кирди. Бул комиссияда президент менен парламент өкүлдөрүнүн болушу сотторго таасир тийгизүү каражатын камсыздайт.
Президенттер жана алардын үй-бүлөлөрү
Аскар Акаевдин аялы Майрам Акаева балалык жана энеликти колдогон "Мээрим" эл аралык кайыр-садагага арналган фонддун, "SOS - Кыргызстандын бала айылдары" аттуу эл аралык фондунун башчысы, Кыргызстандагы ЮНЕСКО мектеп жана клубдардын ассоциациянын президентинин орун басары болуп иштеген.

Уулу Айдар АКШдагы Мэриленд университетинде окуган. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин кичүү кызы Алияга үйлөнүп-ажырашкан (1999-2001). Ал 2005-жылы мартта парламентке шайлоонун биринчи турунан өттү.

Акаевдин улуу кызы Бермет бир канча жыл Швецарияда жашап жүргөн. Ал жакта БУУ түзүмүндө Европа үчүн үнөм комиссиясында иштеди. Апасынын кайрымдуулук акцияларына катышып жүргөн.

Кичүү кызы Саадат АКШда университетти бүтүргөн. Кенже уулу Илим 2007-жылы АКШдагы Джорж Вашингтон атындагы университетин бүтүрүп, каржы жаатында бакалавр наамына ээ болду. Окууну бүтүргөндөн кийин Москва калаасына көчтү. Башында "ЕЭС России" акционердик коомунда иштеп, кийинчерээк "Лукойл" компаниясына өтүп кетти.
Курманбек Бакиевдин жубайы Татьяна Бакиева. Алардын Марат жана Максим деген эки уулу бар. Татьяна 7-апрель окуяларынын алдында эле Москвага чыгып кеткени кабарланган.

Уулдары Марат менен Максим экөө тең буга чейин мамлекеттик кызматтарды ээлеп келишкен. Айтмакчы, убактылуу өкмөт аларга каршы иш козгоп, издөө салган эле.

Ал эми Курманбек Бакиевдин токолу бар экени тактыдан кулагандан соң кабарланган. Жаш жубайы, беш жашар уулу, тогуз жашар кызы менен Минскиге качып кетишкен.

Роза Отунбаеванын Карачач аттуу кызы жана Атай деген уулу бар. Отунбаева 1979-жылы окумуштуу кишиге турмушка чыккан. Ал көп жылдар бою Илимдер академиясында эмгектенген. Тилекке каршы, алар 1987-жылы ажырашып, Атай жана Карачачты Роза Отунбаева тарбиялап өстүрөт. Учурда кызы турмушка чыгып, уулу да үйлөнгөн.

Алмазбек Атамбаевдин экинчи жубайы - Раиса Минахмедовна Атамбаева. Ал - дарыгер, илимдин доктору. Раиса экөөнүн Кадыр деген уулу жана Алия деген кызы бар.

Президенттин биринчи никесинен төрт баласы бар. Буажар атуу аялы экөөнүн Сейитбек, Сейтек деген уулдары жана Диана, Динара деген эгиз кыздары бар. Алар азыр эмне жумуш кылат, кайсы жакта экени тууралуу маалыматтар жок. Көпчүлүк президенттин азыркы үй-бүлөсү жөнүндө гана жакшы билет.
Айран жокто максым бар,
Айдар жокто Максим бар
Бул тамашалуу макалдын жаралышы бекер эмес. Алгачкы эки президенттин уулдары - Айдар менен Максимдин тагдыры окшош эле болду. Роза Отунбаеванын уулу Атай болсо жөнөкөйлүгү, жарандык активист катары таанылса, Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиева сүрөтчүлүк өнөрү, кайрымдуулук иштери жана башкалардыкына окшобогон дүйнө таанымы менен оозго алынууда.
Айдар Акаев
Айдар Акаев азыр 41 жашта. Ал 1998-жылы Американын Мэриленд университетин бүтүрүп, "менеджмент жана бизнес" адистигине ээ болот.

1999-жылы «Казкоммерцбанк» ААКтын Бишкектеги өкүлчүлүгүн директору болду. Ушул эле банкта Алматада иштеген.

2001-жылы Кыргызстандын каржы министринин кеңешчиси болуп дайындалды. Кийин Улуттук олимпиада комитетин, Бокс федерациясын жетектеди. 2005-жылы парламенттик шайлоодо депутаттыкка өттү, кийин бийлик алмашканда Айдар Акаев шайланган округдагы жыйынтыктар жокко чыгарылды.
Документтерге караганда ал "Бителдин", "Рентон-групптун" ири акцияларына ээлик кылган.

Атасы бийликтен кулатылгандан кийин Айдар Акаевге карата Башкы прокуратура мамлекеттин акчасын уурдаган, башкалардын мүлкүнө күч менен ээлик кылган деген негизде иш козгоду.

2005-жылдын ноябрында Айдар "Манас" аэропортунун кожоюндарынын бири экени белгилүү болду. Аны америкалыктарга күйүүчү май сатуудан түшкөн ири акчаны менчиктеген деп да айыпташты.

Президенттин тун уулу 1998-жылы Казакстандын президентинин кызы ошол кезде 18 жаштагы Алия Назарбаевага үйлөндү. Бирок жубайлар үч жылдан кийин ажырашып кетишти. Жыл өтпөй Айдар НБТ телеканалынын алып баруучусу Сайкал Чокубаевага үйлөндү. Булардын бир уул, бир кызы бар. Айдар Сайкал менен да ажырашып кеткен. Кичүү Акаев үчүнчү жолу турмуш курду дешет, бирок кимге экени азыр белгисиз.

Акаевдер Орусияга чыгып кеткен он жылдан ашык убакыттан бери Айдарга улам издөө жарыяланып турат. Бирок бул Айдарга эч тоскоолдук жараткан жок. Анын Москвада ресторандар тармагы бар экени айтылат.
Максим Бакиев
Максим Бакиев азыр 40 жашта. Курманбек Бакиевдин экинчи уулу. Максим Жалал-Абаддын Казарманында мектепти бүттү, кийин Кыргыз-орус Славян университетине юридикалык факультетке тапшырды. 1997-жылы Англия, 98-жылы АКШда билим алган.

1997-жылдан жеке юридикалык компанияда иштеди. Жакынкы Чыгышта кеп-кеңеш берүү бизнесин өнүктүрүү боюнча англиялык холдингге мүчө болду.

2005-жылы Орусия Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясына тапшырды. РФ Кыргызстанга бул окуу жайга берген эки орундун бирөөсүн ээлеген Максим биринчи курста эле сабакты көп калтырганы үчүн окуудан четтетилди.



2005-жылдан эл аралык консультант, каржы, укук жаатында экспертке айланды.

2009-жылы президенттик кампания маалында атасынын штабын жетектеди.

2009-жылдын октябрынан 2010-жылдагы апрель окуяларына чейин Кыргызстандын Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттигин жетектеди.

Максим Бакиевдин бизнеси өзүнчө бүтпөс сөз. 2006-жылы ишкер Валерий Белоконь менен чогуу Латвияда инвестициялык фирма ачышты. Белоконь – "Манас Банктын" ээси, Максим Бакиведин өнөктөшү. Бул экөөнүн банк, кен казуу, нефти, кыймылсыз мүлк жана медиа жаатында Орусия, Казакстан, Түштүк Америка, Украина, ал тургай Африкада да көп долбоорлору бар. "Blackpool" деген клубга да ээлик кылышат.

2006-жылы Бакиевдин кетишин талап кылгандар ошол кездеги президенттин уулдары бир катар мамлекеттик мүлктү мыйзамсыз менчиктегенин, Максимдин эң жакын бизнес-өнөктөшү Евгений Гуревич жетектеген MGN Group холдингине республикадагы эң ири ишканалардын акциялары өтүп кеткени белгилүү болду.

Апрель окуялары маалында Максим АКШда эле. Ага карата Кыргызстан эле эмес, АКШ да айыптоолорду таккан. Бирок Бакиевди Улуу Британиядан экстрадациялоо ушул күнгө чейин чечилбеди. Ушул жылдын майында Бишкектин Биринчи Май райондук соту Максим Бакиевди сыртынан өмүр бою абакка кести.

Максим Бакиевдин жубайы – Айжан Кененбаева. Ортолорунда бир кыз бар.

Атай Садыбакасав
Атайдын ысымы Айдар, Максимдей болуп бизнес, бийликке аралашпады. Ал чакан азык-түлүк дүкөнүн иштетери тууралуу маалыматы социалдык тармактар чоң талкуу менен кабыл алышты. Мурдагы эки президенттин балдарынан кийин Атайдын мындай жупуну турмушу көпчүлүктү таң калтырды. Азыр ал Бишкекте тамактануу жайын ачканы жатат.

Атайдын Ысык-Көл менен Чүйдө жол көрсөткүчтөрдү илген жайы бар. Ал өткөн жылы Welcome KG фондун негиздеп, Кыргызстанды сапаттуу жана маданий туризм өлкөсү катары таанытууга аракет көрүүдө.

2011-жылы Атай апасы президент болуп турган чакта ошол кездеги Жогорку Кеңештин депутаты Ширин Айтматова менен чогуу "Мен Ысык-Көлдү сүйөм" деген акция өткөрүшкөн. Иш чаранын катышуучулары кыргыз берметине эс алууга келе жаткандарды чек арадан тосуп алып, Ысык-Көл тууралуу маалыматтык баракчаларды таратышкан.

Мындан сырткары ал Чолпон-Атадагы Раппапорт аллеясындагы бактарды кыюуга каршылыгын билдирип, бул үчүн анын дарегине коркутуулар түшкөнүн айткан. Атай Бишкек шаарында велосипед токтотуу жайларынан онду уюштуруп, шаардыктар үчүн Жаңы жылга белек кылган. Өз акчасына борбор калаанын көчөлөрүн жамап, эс алуу багын жарыктандырып, иши кылып ушундай иштерди көп жасайт.

Атай Садыбакасовдун мындай аракеттерин көпчүлүк саясатка аралашууга даярдык катары сыпатташкан. Дагы башкалар болсо дүкөндө иштеш үчүн Лондондо билим алды беле деп суроо салышат. Канткен күндө да экс-президент Роза Отунбаеванын уулу бийликке аралашпаганы үчүн эл оозуна алынды.
Алия Шагиева
Мурда коомчулук жакшы биле бербеген 20 жаштагы Алия Шагиева заматта медиа адамына айланды. Буга чыгармачылыгы, социалдык тармактардагы активдүүлүгү, адаттан тыш ой жүгүртүүсү себеп болду. Ал атасынын арты менен артыкчылыктарга ээ болуудан качып, карьерасын өз алдынча түптөөгө жол алган. Бул үчүн фамилиясын да алмаштырган.

Алия өзү тарткан сүрөттөрдү көргөзмөдө сатып, түшкөн 200 миң сомдон ашык акчаны Даун синдромдуу балдарды колдогон "Сантерра" фондуна өткөрүп берген. Президенттин кызы азыр да аларга материалдык, моралдык колдоо көрсөтүп келет.



Алия былтыр турмушка чыкты. Жолдошу башка улуттан экенин, анан ашыкча салтанатсыз чакан өткөн тоюн соцтармак колдонуучулары көпкө талкуулашты. Кийин бала эмизген сүрөтү апталап күндүн темасынан түшпөй турду. Анын айынан социалдык тармактан бир алдын кетип калган Алия эркин болууну самаарын, мунусу менен башкаларга дем бергеси келээрин айтат.


Жетимиш өнөр аз
Аскар Акаев президенттике келбей эле, илим адамы болуп жүрө берсе болмок деп азырга чейин айтышат. Азыр ал Орус илимдер академиясынын чет элдик мүчөсү, Нью-Йорк, Ислам илимдер академиясына мүчө. МГУда лекция окуйт. Нобель сыйлыгынын ээси Самон Кузнецтин алтын медалына ээ болгон.

Акаев жаш кезинде волейбол ойногон, сүрөт тартат.


Аскар Акаев Москва мамлекеттик университетинде сөз сүйлөп жатат


Курманбек Бакиевдин Ала-Тоо аянтындагы бул бийи азыр да көптүн эсинде. Негизи ал спортко, бокско кызыгат. Жаш кезинде машыгып да жүргөн. Бийликтен кеткенден кийин ал "Март ыңкылабы: элдин тарыхый тандоосу", "Кайгы, сүйүү жана ишеним: Менин Кыргызстаным" деген китептерин чыгарды.
Бакиевден анжиян полкасы


Роза Исаковна саясий тагдырында "алгачкы" деген сөз көп жазылды. Ал - Кыргызстандагы алгачкы экс-президент, ал - Борбор Азиядагы алгачкы аял президент, ал -Кыргызстанда эле эмес, СССРдеги алгачкы дипломат аял.

Роза Отунбаева кыргыз, орус, англис, немец, француз тилдеринде эркин сүйлөйт.

Велоспорт, йоганы жактырат.


Алмазбек Атамбаевдин аткаруусундагы автордук ырлары бир жыл мурун жарыкка чыкты. Быйыл прездиенттин он ыры жазылган "Судьбе назло" деген альбому сатыкка чыкты.

Кызы Алия атасы жаш кезинен ыр жазып, обон жаратып, анан сүрөт да жакшы тартарын соцтармакка жазган.
Алмазбек Атамбаев "Судьбе назло"
61 - сыйкырдуу сан
61 жаш
61 жаш
Аскар Акаев
46 жашында президенттикке шайланып, 2005-жылы 61 жашында бийликтен кетти.
61 жаш
61 жаш
Курманбек Бакиев
56 жашында мамлекетти башкарып, 61 жашында бийликтен кулатылды.
61 жаш
61 жаш
Роза Отунбаева

60 жашында өлкөнү башкарып, бир жылдан кийин 61 жашында Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу бийликти тынч жол менен өткөрүп берди.
61 жаш
61 жаш
Алмазбек Атамбаев
55 жашында президент болуп шайланды, быйыл күздө 61жашында бийликти тапшырат.
Материал "Сорос-Кыргызстан" фондунун колдоосундагы "Ынтымакта мультимедиалык редакция түзүү" долбоорунун алкагында даярдалды.
Материалды даярдоодо "Азаттык", "Би-БиСи", "Спутник", "Заноза", "Клооп", "Супер.кж", Википедия жана башка булактардан маалымат, сүрөттөр колдонулду.
Даярдагандар:
Адина Досумбетова
Мырзайым Жаныбек кызы
Made on
Tilda