Эрте никенин азабын тарткан эселектер

Кыргызстанда баш кошкондордун 15%ын өспүрүм курактагылар түзөт. Ар жылы 7-9 миңдей эселек кыз күйөөгө тиет. Мындай никенин 99%ы ажырашуу менен аяктайт.

Наргиза эже менен жолукчу жерге ручка-кагазымды камдап, эртерээк бардым. Отуз жаштагы келин... Сейил бактагы көп адамдын кайсы бири менин маектешим экен деп издеп жаттым. Аңгыча "журналист кыз сизби?" деп суроо салган чоң аял алдыма келди. Көрсө, үй-бүлөдөгү запкы, ажырашуу, балдарына болгон кусалык аны карыткан экен.

Наргиза (аты өзгөртүлдү) - Жалал-Абаддын тургуну. 16 жашында жигити ала качып, турмушка чыккан. Күйөөсү да жапжаш эле, болгону 17де. "Бири-бирибизди сүйөбүз" деген өспүрүмдөр ата-эне, мугалимдердин сөзүнө ал кезде кулак салган эмес.



Жаңы келин болгондон баштап эле күйөөм мага кол көтөрө баштады. Өзүм тийгенден кийин арга канча? Төркүнүмө эмне деп бармакмын? Баары ичте жүрдү. Кайненем, кайын сиңдим бизди көп уруштурду. Же мен тарап боло алабай, же апасын да кыя албай, күйөөм көп ичип баштады. Андан улам уруш-жаңжал арбыды, күн алыс тепкиде калам. Кош бойлуу кезимде да аячу эмес. Кайненем урушпасын деп үйдүн да, талаанын да иштерин жасайм. Бирок баары бир тынчтык жок. Тун уулум төрөлгөндө, кайненем да, жолдошум да балама алаксып, саналуу гана бактылуу күндөрдү баштан өткөрдүк.

Наргиза Раимбекова

Ал ортодо Наргизанын жолдошу Орусияга кетет. Иши жүрүшпөй кайра келгенден кийин баягы эле жашоо - ичкилик, уруш-жаңжал уланат. Эми буга күйөөсүнүн ойнош күткөнү да кошулду. Көп келиндердей эле Наргиза да балдарым деп (экинчи уулун да төрөгөн кез) ажырашып кете албады. Кордук менен өткөн 10 жыл аралыгында ал Орусияга барып күйөөсү менен чогуу иштеп келген. Дагы бир кыз төрөгөн. Ага көтөрүлгөн кол балдарына да тие баштаганда, каарманымдын чыдамы бүткөн экен.


Мени урганына чыдап жүрдүм. Бирок балдарымын майып болуп калышынан корктум. Атасы бир жакка кеткенде, "мас эмес бекен" деп санааларга санга бөлүнөт. "Таенемикине кетели, азыр келсе урат" деп зыркырап ыйлап, таенесиникине качып кетчүбүз. Күйөөм соолукканда, бизди апам кошо алып келип, "эми ичпе, балдарыңды ойло, жакшы жашагыла" деп таштап кетчү. Ошентип, өзүм тандаган жашоомо кайыл болуп жүрө берип, ден-соолугуман ажырадым. Мастыкка салып, өлтүрүп коё жаздачу. Бычак көтөрүп, колуна тийген нерсе менен урчу. Апамын үйүнө көгала болуп барсам, дарылатып, "балдарың бар, алар чоңойсо, бул адаты калып калаар" деп кайра жөнөтүшөт. Бирок ыйкы-тыйкы жашоо оңолгон жок. Күйөөмдүн таягынан катуу запкы жеп, ооруп калдым. Анан тууган-уруктун баарын чакырып ажыраштык.

Наргиза Раимбекова


Наргизанын жолдошу менен ажырашканына быйыл 3 жыл болуптур. Кыз-уулдары өзү менен чогуу бир жылдай жүрдү. Күйөөсү "балдарга базардан кийим-кече алып берейин" деп алдап алып кеткен бойдон энесине көрсөткөн жок. Ушул тапта Наргиза балдарын өзүнө кайтаруу үчүн тиешелүү органдарга кайрылып жүрөт. Ал мектепти да бүтпөй калгандыктан, кара жумуштарды жасап, өзүнүн жанын багат.


Кыргызстанда мыйзам боюнча никеге турууга 18 жаштан уруксат берилет. Бирок Үй-бүлөлүк кодексте жүйөөлүү себептер болгон учурда гана аялдар үчүн нике курагы 16 жашка төмөндөтүлөт.

"Адатта мындайга өспүрүм кыздардын боюнда болуп калганда же төрөгөндө уркусат берилет. Бирок жаш жубайлар Кыргызстандын Үй-бүлө кодексинин 14-беренесиинин 2-бөлүгүгүндө жазылгандай, никесин каттоо үчүн жашаган жери боюнча айыл өкмөткө кайрылышы керек", -дешет юристтер.

Ал эми башка учурларда - 18 жашка чейинки кыздарды мажбурлап никеге тургузуу, ала качуу үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган. Бирок көпчүлүк өспүрүмдөр жана алардын жакындары милицияга кайрылуудан качат. Диний көз карашка же салтка таянып, жашы жете электердин турмушка чыгуусуна тоскоол болушпайт. А мындай учурларды көзөмөлдөөнүн механизмдери жок. Болгону ЗАГС берүү мекемеси гана жашы жете электерди катоого албай коёт. А жаш жубайлар расмий катталбай эле диний жөрөлгөлөрдү аткарып, жарандык никеде жашап жатышат.
Келин болуу кызык көрүнгөн экен...
Атын атагысы келбеген өзгөндүк келин 15 жашында турмушка чыккан. Ал колледжде окуп жүрүп, группалаштары менен шеринеге барат. Ошол айылдагы бейтааныш жигит ала качып кетет да, жоолук салынып отуруп калган.

"9-классты бүтүп, окууга тапшыргам. Биринчи курста шеринеге барып калдык. Күтүлбөгөн жерде бейтааныш үй-бүлөнүн мүчөсү болуп калдым. Апамдар мени алып кетели деп жакшы эле аракет кылышкан. Өзүм ынабай койгомун. Менин жолдошум ким, кандай адам экенин билбесем да, турмуш курууга макул болгомун. Азыр ойлосом, мага ошондо келин болуу кызык көрүнгөн экен".

өзгөндүк келин

Өсүпүрүм кезде келин болуп, чоң үй-бүлөнүн түйшүгүн алып кетүү ал үчүн, албетте, кыйын болду. Ага кошумча акча тартыштыгы күч болуп, күйөөсү экөө базарга соодага чыгышат, а окуусу ошол бойдон калып кетет.


"Эрте тийип алган экем. Көп нерсени билбей кыйналдым. Азыр менден чоңдорду көрүп алып өкүнөм. Бир балалуу болуп, ал да чарчап калды. Ден-соолугум жетиле электе боюма бүтүп, анын үстүнө базарда суукта отурганыман баламын ден-соолугу начар болуп калды деп ойлойм".

өзгөндүк келин
— Медицинада кыздардын турмушка чыгуу убактысы 20 жаштан 35 жашка чейин нормалдуу деп айтылат. 15-18 жаштагы кыздар жыныстык катнашка, эне болууга физикалык жана психологиялык жактан даяр болбогондуктан, эне-баланын саламаттыгына доо кетет.
"Кыздар 20 жаштан баштап турмушка физиологиялык-психологиялык жактан даяр болот. 20-35 жаш - төрөткө эң ыңгайлуу. Жашы жете элек кыздардын кош бойлуу болуусу балага да, энеге да кооптуу жагдайларды жаратат. Операция жолу менен төрөтүү да ошонун айынан келип чыгууда. Жаш күйөөгө чыгып, эрте эне болгондор жылдан-жылга көбөйүп жатат. Бул маалыматтын аздыгынан. Улан-кыздар жыныстык катнашка эрте барып, анан кош бойлуу болуп калгандар көп".
Жанара Кыдыршаева
гинеколог
ЮНИСЕФтин маалыматында, эрте турмушка чыгуу боюнча Кыргызстан Евразия чөлкөмүндөгү мамлекеттердин арасында 5-орунда турат. Өлкөнүн ичинен Ош облусунун Араван району 1-орунда.

Эрте жашта турмушка чыгуу-ажырашуу 2011-жылдан бери кескин көбөйдү. Кыз-келиндер менен иштеген бейөкмөт уюмдун өкүлдөрүнүн изилдөөсүнө ылайык, эселек кезинде баш кошкондордун 1%ы гана турмушун улантып кете алат. Калгандары ар кандай себептерден улам ажырашып, балдары менен ара жолдо калууда.
Bob Dylan
Өткөн жылы Араван районунда жашы жете элек 62 кыз турмушка чыккан. Басымдуусу мектепти толук аяктабай турмуш куруп кетишкен. Бирок бул расмий гана сандар. Көмүскөдөгүлөрү мындан да көп болушу мүмкүн.

Тепе-Коргон айыл өкмөтүнүн адистеринин айтымдарында, алардын көпчүлүгү нике күбөлүк ала алган эмес. Ага кошо үй-бүлөдөгү түшүнбөстүктөрдөн улам ажырашуулар да жаш жубайларда көп катталууда.

"Учурда аймактарда ата-энелерге адистер тарабынан түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Алардын арасында аялдар жана аксакалдар кеңеши, укук коргоочулар бар. Жыйынтык азырынча жок, бирок натыйжа болот деп үмүттөнүп жатабыз", - деди социалдык адис Самаргүл Бекболотова.

Кыргызстанда эрте турмуш куруу тажрыйбасы айкын нерсе: мамлекеттеги 12.2% аялдар турмушка 18-жашка чейин чыгышат. Айыл жергесинде 14,2 % аялдар 18 жашка чейин турмуш курушат. Шаар жергесинде статистика 9,7%ды көрсөтөт.
"Ак жүрөк" кризистик борборунунун жетекчиси
"Бул маселе жылдан жылга курчуп баратат. Кыздарын эрте күйөөгө берип койгондор көбүнчө өзбек улутундагылар. Ошондой эле миграциянын таасири күч. Эч жакка чыга элек жаш кыздарыбыз жигиттерге алданып, анан айла жок үй-бүлө куруп кетип атышат. Кыздарыбыз эрте жетиле баштады. Ошондуктан ата-энелер кыздарды жаман жолго түшүп кеткиче, абийирин сактап, күйөөгө берсем, кутулам деп ойлойт. Анткен менен кичине жашап, ажырашып келсе, андан да жаман түйшүккө кабылат. Балалуу болуп ажырашса, алар да арасат калат".
Ош шаарындагы "Ак жүрөк" кризистик борборунун адистери.
"Ак жүрөк" кризистик борборуна Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынан кыз-келиндер кайрылышат. Аларга жардам берүүдө никеси расмий катталбагандыгы кыйынчылык жаратат. ЗАГСы жоктордун басымдуусун эрте турмушка чыккандар түзөт. Алар үй-мүлктү бөлүштүрүүдө эч нерсеге ээ болбой калат.
"Ак жүрөк" кризистик борборунунун жетекчиси
"Жаш кыздарыбыз телефондо көрүп эле тийип алып жатышат. Кээ бирлери аялынын үстүнө жаш кыз алып алат. Бир окуяны айтып берейин: бир келин кайрылды. Ал Орусияда жүрүп 15 жашында турмушка чыгыптыр. Баланын биринчи аялы да бар экен. Ошентип бир балалуу болуп калган кыз аяла жок жашайт. Экинчисин төрөгөндө келинди Кыргызстанга жөнөтөт да үчүнчү аялын алат. Эки баласы менен калган келин ара жолдо калды. Күйөсү болсо, кайра-кайра үйлөнүп беш аял алыптыр. А балдарына болсо көңүл бурбайт".
Эрте турмушка чыккандардын баяны бүтпөйт
10 жыл мурун ажырашуу, жалгыз бой эне деген коомго жат көрүнүш болсо, азыр ал адаттагы көрүнүш катары кабыл алынууда. Кээ бир ата-энелер кыздын эрте турмушка чыгуусу аны коргойт деп эсептешет. Бирок эрте турмуш куруу кыздардын укугун бузат, алардын балалыгын жок кылат, окуусун токтотот, ден-соолугуна шек келтирет жана мүмкүнчүлүктөрүн чектейт.

Бул маселе өткөн жылы Жогорку Кеңеште да көтөрүлгөн. Аида Салянова, Өмүрбек Текебаев баштаган эл өкүлдөрү "Yй-бүлө кодексине" өгөртүү киргизип, жарандык никеден мурун расмий каттоодон өтүүнү милдеттендирген мыйзам долбоорун сунушташты.

Ал ушул жылдын 3-октябрында жактырылды. Аны Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитети 3-окууда карап, талкуусуз кабыл алды.

Ага ылайык, өспүрүмдөргө нике окуган дин кызматкери жана ага катышкан ата-энелер жоопко тартылат.

Никени окуган да молдо, арыз-муңду уккан да молдо
Дин кызматкерлери да бул мыйзам долбоорду колдоорун билдирет. Молдолор буга чейин жубайлардын жашын, нике күбөлүгүн сурабай эле диний жөрөлгөлөрдү жасачу. Ажырашуу учурунда "мен эч нерсеге ээ болбой калдым, шариятта кандай болушу керек" деп сурап келгендер арбын экенин Ош шаардык казыяты билдирди.

"Бардык эле мечиттерде "эч нерсеге ээ болбой калдым, ажырашып жатабыз, ЗАГС албай калдык эле" деп аялдар келип, кайрылып жүрөт. Мындайда кээ бир аталар биздин сөзүбүздү да укпай, аялын, баласын ара жолго таштап салган учурлар көп. Молдолор ЗАГСты көрүп туруп, нике окусун деген мыйзам жакшы нерсе. Ошондуктан, азыр сунушталып жаткан мыйзамды биз — молдолор колдойбуз. Эгер мыйзам иштеп калса, аялдардын укугу корголмок. Шарият аялдардын укугун корголушун талап кылат ",- деди Ош шаарынын казысы Убайдылла Сарыбаев.

Эрте турмуш курган кыздардын саны боюнча Кыргызстан 57-орунда турат.
Save the Children (Балдарды коргоо) уюмунун билдиришинче, дүйнөдө 700 миллион кыз 18 жашка чыга электе мажбурлоо жолу менен турмуш курат.

Уюм докладында БУУнун Балдар Фондусунун (ЮНИСЕФ) статистикасына таянып, 2050-жылы мажбурлоо менен күйөөгө чыккан кыздардын саны 1,2 миллиардга жетиши мүмкүн экенин маалымдады.

Эл аралык секелектердин күнүнө карата "Ар бир кыз" деп жазылган бул докладда кыздардын эрте турмушка чыгуусу алдардын билим алуусуна, иш табуусуна жолтоо болуп, жакырчылыкка түртүп жатканы айтылат.

"Эрте нике - жакырчылыктын башаты. Ал кыздарды окуу, өз алдынча өнүгүү жана бала бойдон калуу укугунан ажыратууда" деп билдирди Save the Children уюмунун аткаруучу директору Сюзанна Крюгер.

Аталган иликтөө дүйнөнүн 144 өлкөсүн камтыйт. Кыргызстан бул тизмеде 59, Тажикстан 57, Казакстан 30-орунда турат.

Докладда секелектерге жаман мамиле Африка өлкөлөрүндө, айрыкча Сахара чөлүнүн түштүгүндө орун алганы, ал эми жашы жете электе кош бойлуу болгон кыздар АКШ, Британия жана Германияда катталганы айтылган.


Материалды даярдоодо ачык булактардан, azattyk.kg, unicef.org сайтынан, википедиядан сүрөттөр жана маалыматтар алынды.
Автор: АДИНА ДОСУМБЕТОВА
Редактор: МЫРЗАЙЫМ ЖАНЫБЕК КЫЗЫ
Ынтымак Media Group 2016.
Материал "АИР Поддержка" коомдук бирикмеси "Ынтымак" КРТРКсы менен өнөктөштүктө Прагадагы жарандык борбордун каржылык колдоосу астында ишке ашырып жаткан "Ынтымактын базасында медиалаборатория түзүү" долбоорунун алкагында даярдалды.


Made on
Tilda